Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте аялдын мыкаачылык менен сабалышы боюнча юрист: Укук коргоо кызматкерлери иш козгоого милдеттүү!

Аялы күйөөсүнө дооматы жок экенин билдирген

Социалдык тармактарда Бишкектин Ахунбаев-Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде аялын сабап жаткан видео тарады.

Окуя 30-январь күнү саат 23.00дөр чамасында болгон. Кийин окуя болгон жерге Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу жөнөп кеткен.

Маалым болгондой, жубайлар конокко келишкен. Көчөгө чыгып, алар оозеки уруштан мушташа башташкан, андан кийин эркек аялды мыкаачылык менен сабап баштаган.

Бул факт Ленин районунун КЖБРинде катталды.

Аялы күйөөсү боюнча милицияга жазуу жүзүндө арыз берүүдөн баш тартып, ага эч кандай дооматы жок экенин билдирген.

Ал арада адвокат Замир Жоошевдин айтымында, укук коргоо кызматкерлери кол салган адамды жоопко тартууга милдеттүү.

- Учурдагы мыйзамдарга ылайык, айыптоо жеке-мамлекеттик жана коомдук болуп экиге бөлүнөт. Жеке-мамлекеттик айыптарга анча оор эмес эмес кылмыштар боюнча кылмыш иштери кирет, алар үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. “Бейбаштык” да ошондой айыптардын бири. Бирок, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 24-беренесине ылайык, жеке-ачык айыптоо иштери жабырлануучунун арызы боюнча козголот. Жабырлануучу көз карандылыктан же алсыз абалдан же башка себептерден улам өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргой албаган учурда, башкача айтканда, укук коргоо органдарына кайрылууда өзгөчө жагдай каралат.

Менимче, видеодогу аял күйөөсүнөн көз каранды болгондуктан, өзүнө олуттуу терс кесепеттер болушу мүмкүн деп коркуп арыз жаза албай жатат. Укук коргоо органдары кол салган адамга кылмыш ишин козгоого милдеттүү. Эгер андай болбосо, анда тиешелүү райондун прокуратурасы окуя боюнча иш жүргүзүүнү тапшырышы керек. Ошентип, кылмыш-жаза мыйзамдарынын башка ушул сыяктуу кылмыштардын алдын алуу жана адилеттүүлүктү калыбына келтирүү сыяктуу максаттарына жетишилет, деп баса белгиледи ал.

Канышай Балкыбекова,
Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх