Бишкек шаарындагы мектептердин 1-классынын окуучулары 14-19-февраль аралыгында каникулда болушат
Окуучулар үчүн кошумча каникул шаар мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан белгиленген
Бишкек шаарында мектептердин 1-класстарынын окуучулары 14-19-февраль аралыгында каникулда, окуу процесси 2022-жылдын 21-февралында башталат.
Биринчи класстын окуучулары үчүн кошумча каникулдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген 2021-2022-окуу жылына жалпы билим берүү уюмдарынын базистик окуу планынын негизинде билим берүү башкармалыгы тарабынан белгиленет.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз