Равшан Жеенбековдун карындашы боюнча дагы бир кылмыш иши козголду
Жогорку Кеңештин экс-депутаты “азыр бийлик оппоненттеринин жакындарын куугунтуктап жатканын” белгиледи
Экс-президенттикке талапкер, экс-депутат Равшан Жеенбековдун эжеси Мира Жеенбековага дагы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу саясатчы Facebook социалдык тармагындагы баракчасына бир күн мурун жазган.
Маалым болгондой, УКМК "Коррупция" беренеси боюнча иш козгоду.
«Ал азыр гана сурактан келди.
Мурдагы бийлик оппоненттерин гана куугунтуктап, камап келген. Эми алар туугандарына, балдарына, жардамчыларына өтүштү. Бул жол бийликти, мамлекеттик институттарды, өлкөнү туңгуюкка алып барат. Ошентип оппозициячылардын оозун жаап, жок кылуу мүмкүн эмес.
P.S. Мира былтыр кызматынан бошотулган. Экинчи эжем Надира декабрда кызматынан алынган», — деп жазган Жээнбеков.
Эске салсак, 2021-жылдын апрель айында УКМК Бишкек шаардык сотунун судьясы Мира Жеенбековага кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн версиясы боюнча, Жеенбекова тиешелүү мыйзамдуу киреше булактары жок болуп, көптөгөн мүлк объектилерине ээ болгон.
Сүрөт www