Шаирбек Ташиев депутаттык мандатын тапшыруу боюнча суроого жооп берүүдөн баш тартты (видео)
УКМКнын жетекчисинин бир тууган агасы Vesti.kg сайтынын журналистинен ага суроо бербөөнү суранды
УКМКнын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин бир тууганы БШКга мандатын тапшыруу боюнча билдирүүлөрү келе элек. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына Борбордук шайлоо комиссиясынан тастыкташты.
Ал арада Vesti.kg сайтынын Жогорку Кеңештин коридорундагы кабарчысы бул маселени Шаирбек Ташиевдин өзүнөн тактоого аракет кылды. Бирок, журналисттин суроосун уккан элдин тандоосу кыска «жок» деп . Андан кийин Ташиев ага суроо бербөөнү суранып кетип калды.
Кошумчалай кетсек, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясына Ташиевден депутаттык мандатын тапшырбоо өтүнүчү менен көптөгөн кайрылуулар түшкөнү маалым.
«Урматтуу Талант Турдуматович, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна жана 12-беренесине ылайык, ар тараптуу жана акыйкат иликтөөнү камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү суранабыз. Шаирбек Ташиевдин депутаттык мандатын тапшыруу маселеси боюнча” деп, “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылды.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 23-январында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев иниси Шаирбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшыра турганын билдирген.
Атайын кызматтын жетекчисинин айтымында, ал кыргыз элинин пикирин эске алып, мурдагы жетекчилердин катасын кайталабаш үчүн «туугандарын чоң кызматтардан кетирет».
Шаирбек Ташиев журналист Болот Темировдун иликтөөсүнө катышты.
Элдос Казыбеков
Видео Vesti.kg