Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Жогорку соттун судьясы Бакирова Нургүл Жакыповна 5 жылдык мөөнөткө Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх