Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ менен Дипломатиялык академия КРнын БУУга мүчөлүгүнүн 30 жылдыгына арналган тематикалык тегерек стол өткөрдү

Иш-чаранын катышуучулары республиканын Бириккен Улуттар Уюмунда 30 жыл ичинде жетишкен ийгиликтерин талкуулашты

Тышкы иштер министрлиги жана К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академия БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүк командасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган тематикалык тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги, президенттик администрациянын өкүлдөрү, БУУнун Кыргыз Республикасындагы агенттиктеринин жана программаларынын жетекчилери, илимий чөйрөлөр жана өлкөнүн дипломатиялык кызматынын ардагерлери катышты.



Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Кыргызстандын БУУдагы 30 жыл ичиндеги катышуусуна сереп салып, республиканын тынчтыкты сактоо уюмунун ишмердүүлүгүнө, элдердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өнүгүү көйгөйлөрүн чечүүгө, адам укуктарын коргоого кошкон салымын белгиледи. Маданий кызматташтык, курчап турган чөйрөнү коргоо, оорулар менен күрөшүү жана адамзаттын көптөгөн башка чакырыктары жана көйгөйлөрүн карады.

Дипломатиялык кызматтын ардагерлери, Кыргыз Республикасынын БУУдагы мурдагы туруктуу өкүлдөрү – Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелерди талдоо борборунун директору, мурдагы тышкы иштер министри Мурат Иманалиев жана Кыргыз ССРинин экс-тышкы иштер министри Жаңыл Түмөнбаева - КР дүйнөлүк коомчулуктун мүчөлөрү тарабынан көз карандысыздыкты жана эгемендүүлүктү таанууну ырастоо катары өлкөнүн БУУга киришинин негизги маанисин баса белгиледи.



Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело БУУнун өлкө тобунун Кыргызстандагы иши жана республиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуунун бекем негизи катары кызматташуунун келечектеги багыттары тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, тегерек столдун катышуучулары 30 жыл ичинде жетишилген ийгиликтерди кеңири талкуулашты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын БУУга мындан аркы катышуусу боюнча идеяларды жана көз караштарды айтышты.

ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт ТИМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх