Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Тарыхый учур". Бишкекте дарыгерлер үчүн көп кабаттуу үй курула баштады (фото)

Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, бүгүнкү күнгө чейин дарыгерлер үчүн үйлөр курулган эмес

Өткөн жума күнү, 26-мартта саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушун баштоо аземине катышты.

Үй Совет (Байтик Баатыр) жана Донецк (Сүйөркулова) көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, объектти пайдаланууга берүү болжолдуу түрдө 2023-жылдын апрель-май айларына пландаштырылган.


8 кабаттуу имараттын каркасы мурда эле бар болчу, аны 12-кабатка көтөрүү пландалууда.


Министр курулуш иштери башталганын жана курулуш иштери аяктаганга чейин медицина кызматкерлерине турак-жай алуу тартибин Саламаттыкты сактоо министрлиги аныктай турганын белгиледи.

«Биз тарыхый учурдун күбөлөрүбүз, бүгүнкү күнгө чейин дарыгерлер үчүн үйлөр курула элек. Биринчи этапта бир үйдүн курулушун бүтүрүү пландалууда. Каржылоо булактарын аныктоодо кийинки этаптарда дагы бир үй куруу пландалууда», - деди Бейшеналиев.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Саламаттыкты сактоо министрлигинин сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх