Ысык-Көлдө маданият үйүн курууда 2 миллион сомдон ашык акча “уурдалган”
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын жооптуу кызматкерлери подрядчылар менен сүйлөшүп алып, аткарылган иштердин актыларына атайылап жалган маалыматтарды киргизишкен
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун прокуратурасы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө аталган башкармалыктын кызмат адамдары Тоң районунун Төрт-Гүл айылына 200 орундуу маданият үйүнүн курулушун жүргүзүүдө кызматтык абалынан пайдаланып, материалдык баалуулуктарды алуу максатында 2000-жылы туулган А. подрядчылар менен алдын ала макулдашуу боюнча аткарылган иштердин актыларына атайылап жалган маалыматтарды киргизген. Натыйжада мамлекетке 2 миллион 101 миң 192 сом зыян келтирилген.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www