Нурбек Токтакунов убактылуу кармоочу жайдан чыгарылды
Укук коргоочунун юристтери БУУнун адам укуктары боюнча комитетине кат жолдомокчу
Бишкектин Биринчи Май РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан «соттор эч ким эмес» деген сөз үчүн сотторду кемсинткен деп айыпталган укук коргоочу Нурбек Токтакунов бошотулду. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Бакытбек Автандил уулу тастыктады.
Анын айтымында, Токтакунов өзүн жакшы сезип, камактан чыккандан кийин дароо мончого барган, анткени камоочц жайда душ жок болчу.
- Нурбек Токтакунов бошотулду, - деди Автандил уулу. - Ал соттун чечими менен беш күн отурду. Ал жасалма айып менен деп эсептейбиз. Токтакунов маалыматтык күн тартибинен обочолонуп өзүн жакшы сезип, эс алганын айтат. СИЗОнун шарттары начар болгону менен.
Мындан тышкары, юрист укук коргоочунун адвокаттары БУУнун адам укуктары боюнча комитетине кайрылууга ниеттенип жатканын кошумчалады.
Эске салсак, Нурбек Токтакунов Орусия элчилигинин жанында активисттердин катышуусунда тынчтык акциясын уюштуруу иши боюнча сот отурумунда болуп, социалдык тармактагы баракчасында түз эфирде чыгып жаткан. Эфир учурунда Фемиданын кызматчыларын “эч ким эмес” деп атаган. Жыйынтыгында ал сотторду кемсинткени үчүн жоопко тартылган.
Токтакунов «соттор эч ким» деген сөз Фемиданын кызматчыларын кемсинткен деп эсептеп, беш суткага камакка алынган.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www