Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын мэриясы иштеген жана кароосуз калган балдарды аныктоо боюнча рейд өткөрдү

Муниципалитет оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам берүүнү убада кылууда

Бишкек шаарынын мэриясы көчөдө жүргөн жана иштеген балдарды аныктоо боюнча рейд өткөрдү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, рейддерге балдар комиссиясынын, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын, билим берүү жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун өкүлдөрү катышты.

«Азиз, Кудайберген, Сары-Өзөн базарларында комиссиянын күндүзгү кыдыруусу болуп, түнкүсүн компьютердик клубдарды карашты», - деп тактады шаардык мэрия. - Жыйынтыгында кайыр сураган балалуу аял аныкталды. Ал убактылуу РИИБге, ал эми бала Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо жана өнүктүрүү мамлекеттик борборуна дайындалган. Ошондой эле күндүз «Азиз» базарында жашы жете элек бала табылып, ал ата-энесине жардам берип жүргөн, ал эми түнкүсүн чоңдордун коштоосунда жок бала табылган. Келечекте мындай фактыларды болтурбоо боюнча балдардын ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү».

Бекитилген график боюнча бул иштер улантылат. Жүргүзүлгөн ыкчам-профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгы менен райондун аймагындагы аныкталган балдар жана өспүрүмдөр боюнча талдоо жүргүзүлөт. Ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган алардын үй-бүлөлөрүнө тийиштүү социалдык жардам көрсөтүүгө жардам көрсөтүлөт.

«Урматтуу жарандар! Балдардын кайыр сураганына күбө болсоңуз, борбор шаарлардагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн ишеним телефондоруна кайрылыңыз:


- Биринчи Май: 0 (312) 67-03-86;

- Ленинский: 0 (312) 88-38-99;

- Свердлов: 0 (312) 53-05-76;

- Октябрь: 0 (312) 51-03-75.


Балдарга жардам борбору: 0 (312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, 0 (555) 69-13-12.


Эмгек министрлигинин ишеним телефону: 111”, - деп жыйынтыктады мэрия.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх