Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Данияр Амангелдиев БУУнун штаб-квартирасында кезектеги министрлердин жыйынына катышты

Жыйындын жүрүшүндө деңизге чыга албаган тоолуу өлкөлөрдүн өзгөчө абалына бурулду

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Бириккен Улуттардын Уюмунун штаб-квартирасында 2023-жылдын 21-сентябрында өткөн деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок министрлердин жолугушуусунун кезектеги жыйынына катышты. бул тууралуу экономика министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө Д.Амангелдиев 2014-2024-жылдарга деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн аракеттин Вена программасын ишке ашыруу, атап айтканда, COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу, транзиттик жүк ташууну калыбына келтирүү жана инфраструктураны андан ары өнүктүрүү боюнча прогрессти белгиледи.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын министри бул өлкөлөрдүн Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү мүмкүнчүлүгүн чектеген экономикалык жана экологиялык мүнөздөгү жаңы милдеттерди айтып өттү. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн ал деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн өкүлдөрүн жана БУУнун институттарын автомобиль жана темир жол байланыштарынын транзиттик системасын өнүктүрүүнү улантууга, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн кызматташууну өнүктүрүүгө чакырды.

Өзгөчө басым транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жагынан эң чоң чыгымдарды башынан өткөргөн деңизге чыга албаган тоолуу өлкөлөрдүн өзгөчө абалына бурулду. Буга байланыштуу ал БУУнун «Туруктуу тоолорду өнүктүрүү» резолюциясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын демилгеси менен иштелип чыккан «Глобалдык аракеттер планы» сыяктуу эл аралык демилгелердин алгылыктуу салымын белгиледи.

Министр бул демилгелер деңизге чыга албаган тоолуу өлкөлөрдүн дүйнөлүк соодага интеграцияланышына өбөлгө түзөрүн жана туруктуу электр энергиясына, алдыңкы технологияларга жана инновацияларга жол ачарын белгилеп айтты.

Жыйынтыгында ал 2024-жылдан кийин деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн келечектеги иш-аракеттер планын даярдоодо жашыл технологияларды киргизүү, креативдүү индустрияны өнүктүрүү, заманбап соода-логистикалык инфраструктураны түзүү жана санариптештирүү аркылуу экономикалык трансформацияга артыкчылык берүү керектигин баса белгиледи.

Экономика министрликтин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх