Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Бишкек шаарында КМШга катышуучу мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму өтөт

Алар КМШ мамлекет башчылар кеңешинин отурумуна даярдык көрүү маселелерин талкуулашат

Бүгүн, 12-октябрында, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында КМШга катышуучу мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму өтөт. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Отурумда КМШга катышуучу мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери 2023-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтүүчү КМШ мамлекет башчылар кеңешинин отурумуна даярдык көрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

ТИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх