Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук банк 5 миң сомдук жаңы банкнотту жүгүртүүгө чыгарды

Банкнот заманбап коргоо элементтеринин үч деңгээлдүү комплексине ээ

Кыргызстандын Улуттук банкы 10-майдан тарта 2023-жылдагы улуттук валютанын жаңы бешинчи сериясындагы 5 миң сом номиналындагы банкнотту жүгүртүүгө чыгарат.

Банкноттун алдыңкы бетинде кыргыздын көрүнүктүү актёру жана сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун портрети, арткы бетинде «Ала-Тоо» кинотеатрынын имараты чагылдырылып турат. Банкноттун негизги түсү жана өлчөмү да өзгөрүүсүз калган.

 

5 000 сомдук банкнот жасалма акча жасоодон ишенимдүү коргоону камсыз кылуучу заманбап коргоо элементтеринин үч деңгээлдүү комплексин камтыйт:

1. Суу белгиси: бир канча түстү камтыган портрет жана номинал түрүндөгү электротип.

2. Коргоо тилкеси: үзүк тилке, жарыкка салып кароодо бүтүн тилке (үзгүлтүксүз) болуп чагылдырылат. Анда номинал саны жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби, банкнотту жантайыңкы кароодо ромб фигурасы менен тилкенин кубулуп жатканы көрүнөт.

3. Бири-бирине дал келген сүрөттөлүш: банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт.

 

4. Банкнотту кол менен сыдырып көрүүдө анын бетине түшүрүлгөн портреттин, жазуулардын, сан жана тамга түшүрүлгөн номиналдын сүрөттөрүндө рельефти (одуракайлык) сезүүгө болот.

5. Көмүскө сүрөттөлүш: банкнотту жантайыңкы кароодо көп түстүү сом белгиси – С пайда болот.

6. Түстөрдүн өзгөрүшү: банкнотту жантайыңкы кароодо көлөмдүү шакектер көрүнүп, оюу (орнамент) түсү алтындан жашыл түскө өзгөрөт.

7. Жалтырак тилке (арткы бетинде) банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө берилген.

Сүрөт Улуттук банктын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ушул бөлүмдөгү макалалар: « Кыргыз сомуна 31 жыл
Ой-пикир кошуңуз


Наверх