Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен индиялык компания кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

Компания Кыргызстанга дары-дармек жана медициналык буюмдарды жеткирет

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Индиянын Кендрия Бхандар компаниясы медициналык буюмдар жана жабдуулар тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Документке башкармалыктын башчысы Алымкадыр Бейшеналиев менен Кендрия Бхандар компаниясынын башкы директору Мукеш Кучер видеоконференция аркылуу кол коюшту.

Бейшеналиев «Кендрия Бхандар» компаниясынын өз өлкөсүн дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыз кылуудагы чоң ийгиликтерин белгиледи. Ал маектешине 290дон ашык саламаттыкты сактоо уюмдарын дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылган «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы белгилегендей, алдыдагы кызматташууда, меморандумга ылайык, министрликтин жетекчилиги «Кендрия Бхандар» компаниясын Кыргызстанды сапаттуу дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча узак мөөнөттүү өнөктөш катары көрөт.

 

Сүрөт Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх