Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда карамайга болгон баанын көтөрүлүшү күтүлүүдө

Нефтетрейдерлер Бирикмесинин башчысы күйүүчү майдын кымбатташынын себебин түшүндүрдү

Июнь айында Кыргызстанда кайрадан бензинге болгон баанын жогорулашы күтүлөт. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына Кыргызстандын нефтетрейдерлер Бирикмесинин аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.

- Бензиндин баасы май айында көтөрүлдү, - дейт ал. - Бул Россиядагы экспорттук атаандаштыктын күчөшүнө байланыштуу. Нефтини кайра иштетүүчү заводдорго күйүүчү майды Европага сатканы ыңгайлуураак, ал жакта баалар бир кыйла жогору.

Андан сырткары нефтинин дүйнөлүк баасы жогорулады. Куловдун айтымында бензиндин баасы болуп көрбөгөндөй жогорулайт.

- Дүң баасы 2-3 пайызга жогорулады,- деди ал. Чекене баасы да ушунун эле тегерегинде болушу мүмкүн, так маалымдоо азырынча жок.

Борбор калаанын май куйуучу жайларында АИ-92 маркасындагы бензин 43,47 сомго чейин көтөрүлдү, ал эми дизель күйүүчү майы 44,23 сом болгондугун эскерте кетели.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх