Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутатка Кыргызстандын ШКУ үчүн төлөгөн мүчөлүк акысына нааразы болбоосуна кеңеш беришти

Экономисттердин ою боюнча, Шанхай кызматташтык уюму өлкөгө чыгымга караганда, көбүрөөк пайда алып келет

Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна чоң өлчөмдө акы төлөйт, бирок бул уюмдан көрө турган биздин пайда менен аны салыштырууга мүмкүн эмес. Мындай деген оюн  Vesti.kg сайты менен экономист Жумакадыр Акенеев бөлүштү.

- Кыргызстан кичинекей мамлекет, ШКУ мүчө болуу бизге маанилүү долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк берет,- дейт ал. Андан сырткары, биз мүчөлүк акыга төлөгөн акчага караганда, андан көргөн пайдабыз алда канча жогору. Эң болбоду дегенде, акыркы жолу Кытай бөлүп берген грантты эле алалы. Кайтарымсыз түрдө 100 миллион доллар беришти. Биз бул акчадан мүчөлүк акыны оңой эле төлөп коёбуз, ошону менен биздин уюмга мүчөлүгүбүз акысыз болуп калат. Финансылык да, геосаясий жагынан да ШКУ Кыргызстанга пайдалуу.

Өз кезегинде КМШ өлкөлөрүнүн Орто Азиядагы институтунун директору Аман Салиев, эгерде уюм Кыргызстан үчүн керек болсо, анда белгилүү бир жоопкерчиликтерди алуусу зарыл дейт.

 Көптөгөн уюмдарда Кыргызстан мүчөлүк акыны төлөөдөн бошотулган же жеңилдетилген түрү менен төлөөрүн  Vesti.kg сайты менен болгон маегинде эскерте кетти.
 - Эгерде депутаттын ою боюнча мүчөлүк акы бюджетке оордугун тийгизип жаткан болсо, анда эмнеге коррупционерлердин чөнтөгүнө дарыядай агып кетип аткан акча үчүн ушинтип ызылдабайт ?  ШКУ - Кыргызстан үчун бирден бир керектүү уюм. Мындай нерсени трибунадан айткан болбойт. Буга окшогон көйгөйлөрдү өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдө чечүү керек.

Бүгүн парламенттин бюджет жана финансы комитети ШКУ бюджетин толуктоо жана калыбына келтирүү келишимин ратификациялоону карашкандыгын эске салабыз.


Депутат Руслан Казакбаев бардык уюмдардын ичинен ШКУ мүчөлүк акысы көп болуп жатат деп нааразы болду.

«Биз жыл сайын 696 миң доллар ШКУ га төлөйбүз. Алтургай БУУнун мүчөлүк акысы да мындан төмөн», - деген эл өкүлүнүн сөзүн ММК басып чыгарышты.  

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх