Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экономика Министрлиги көмүскө экономиканы жеңүү үчүн соода сатыкка салыкты көбөйтүүнү сунуштайт

Талдоочу мындай жол менен маселени чечүүгө болбойт деп ишендирет

Экономика Министрлиги соода сатыкка салыкты 2ден 5 пайызга чейин көбөйтүүнү сунуш кылат. Ошону менен бирге мындай салыкты төлөө бизнестин накталай эсепти колдонгон субьекттерине гана тийешелүү экендигин билүүгө болот. Ал эми накталай эмес эсепти колдонгон ишкерлер толугу менен салыктан бошотулат.

Экономика министри Олег Панкратовдун ММК берген түшүндүрмөсүндө, бул Салык кодексине киргизилүүчү түзөтүү бюджетке киреше киргизүүнүн багыты жана көмүскө бизнес менен күрөшүү болуп эсептелет.

Нефтетрейдерлер Бирикмесинин мурдагы башчысы Жумакадыр Акенеев Vesti.kg сайтына берген комментарийинде бул идеяны колдоду.

- Бул көмүскө экономика менен күрөшүү экендигинде шек жок, - деди ал. - Бул жерде кантип элдерди накталай эмес эсепти колдондуруу болуп жатат, анткени ошондо гана көмүскө бизнес азаят.

Ошону менен бирге талдоочу бул түзөтүү салыктын түшүшүн көбөйтүүгө киргизилип жаткандыгын айтат.

- Негизинен элдер бизде салыктан качып наталай эсептен колдонушат, - деп кошумчалайт Акенеев. - Ал эми нак эмес эсепта бул мүмкүнчүлүк жок.

Ал ортодо инвестициялык кеңештин мүчөсү Чыңгыз Макешов мындай жол менен көмүскө экономиканы жеңүү кыйын дейт.

- Эки пайыздуу соода салыгын эч ким төлөбөйт, эгерде 5 пайызга көбөйтсө эффект тескерисинче болуп калабы деп корком, - деп каршы болду ал. - Менимче көптөрү касса аппараттарын коюудан да баш тартышат. Бул салыкты киргизүүдөн мурун, баарына касса аппаратын койдурууга жетишүү керек. Эсиңиздердеби, убагында НДС 18ден 12 пайызга түшүргөнбүз? Ошондо баары бюджеттин төмөндөп кетишинен коркуп, соода салыгын киргизишкен. Ошону менен бирге алар кийинчерээк аны таптакыр алып салууга милдеттенишкен. Ошондуктан бул жерде, менин көз карашым боюнча, салыкты көбөйтүү эмес, салыкты төлөөгө шарт түзүү керек адегенде.

Сөзү кургак болбошу үчүн талдоочу мисал келтире кетти. Ал Кыргызстанда бардыгы эле банк карталарын колдоно бербестигин эскертти.

- Алтургай борбор калаада баары эле нак эмес төлөмдү колдоно беришпейт, - дейт Макешов. - Ошондуктан мындай салыктын түрүн көбөйтүүдөн мурун банк системасын өнүктүрүү керек. Терминалдар бардык жерде турушу керек, интернеттин сапаты жакшы болушу керек. Ал эми айылдарда болсо бул көйгөй дагы эле кала берет.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх