Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фермер жана малчыларга 4,8 миллиард сом жеңилдетилген насыяларды беришти

Жеңилдетилген насыядан  10,6 миң адамдар алышты

Жалпы суммасы 4 миллиард 852 млн. 757,2 миң сомдук жеңилдетилген кредитти «Айыл чарбасын каржылоо-6» долбоорунун алкагында айыл товар өндүрүш коммерциялык банктарына беришти.  Бул туурасында КР каржы Министрлигинин пресс-кызматы билдирет.

Насыларды 10 миң 636 киши алды.



«Бөлүнгөн сумманын 1 млрд. 171,6 миллион сому жер иштетүүгө, ма чарбачылыгына 2 млрд. 730,8 миллион сом, кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүүгө 950,3 млн. сом багытталды», - деп түшүндүрүштү пресс-кызматы.  

КР өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-февралындагы №92 токтомунда бекитилген «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында, каржы Министрлиги жана республиканын 11 коммерциялык банктары  жалпы суммасы 5 млрд. 816 млн. сомго келишим түзүшкөн.


КР республикалык бюджетинде 2018-2020 жылдар аралыгында «Айыл чарбасын каржылоо 4,5,6» фазалары үчүн жана ушул долбоордун биринчи фазалары үчүн 1 млрд. 50 млн. сом каралган.

КР каржы Министрлигин пресс-кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх