Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ишкерлер эми компьютер, планшет жана телефондорду ККМ катары колдоно беришет

Экономика министри жаңы Салык кодексинде кандай жаңы киргизүүлөр каралгандыгын айтып берди

Кыргызстандын ишкерлери эми компьютер, планшет жана телефондорду көзөмөлдөөчү-кассалык машинанын ордуна колдоно алышат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында экономика министри олег Панкратов билдирди.
Экономика министри белгилегендей, Салык кодексине кирген мындай жаңылык ишкерлердин жашоосун жеңилдетет.

«Мурда мыйзам мындай техникаларды колдонууга чектөө койгон болчу. Эми мыйзам ар түрдүү жабдууларды ишкерлерге колдонууга, жана ага тийшелүү программа менен камсыздооого уруксат берет. Жаңы технология карым катнаштын жаңы түрүн үйрөтөт, - деп белгиледи Панкратов.

Андан сырткары, мыйзамдагы өзгөрүүлөрайыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө жардам берүүнү карайт, кооператив, машиналык-трактордукстанцияларды жана соода-логистикалык борборлор соода салыгынан жана НДСтен бошотулган.

Жаңы кодекске ылайык, НДСти кайтаруу жана толуктоо боюнча комиссия жок болот».

«Биз бир айдын ичинде бул мыйзамга кирген толуктоолор иштеп башташын  күтөбүз», — деп бүтүрдү министр.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх