Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмне үчүн Кыргызстандан акчаны көп чыгарып кетип жатышат, мунун арты эмне болот?

Капиталдын агып кетип атышы мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экендигине байланыштуу деген ойлор бар

Капиталдын сыртка кетип жатышы биринчи кезекте экономикалык мүмкүнчүлүктүн чектелүү экендигине байланыштуу. Мындай деген оюн  Vesti.kg сайтына экономика илимдеринин доктору Асылбек Аюпов бөлүштү.                                        
- Ишкерлер өсүп өнүгүүнү чет мамлекеттен издешет, анткени ал жакта рынок чоң жана мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк, - деп түшүндүрдү ал. бул нерсе өлкөнүн экономикалык акыбалынан түздөн түз көз каранды.          
Асылбек Нургазиевич статистикалык маалыматтар өлкөнүн өнүгүүсү токтоп калгандыгынан кабар берет деп белгиледи.

- Тилекке каршы, экономикалык өнүгүүнүн программасы азырынча кагаз жүзүндө гана калып келе жатат, - деп кеңеш берет ал. - Эгерде мындай боло берсе, капиталдын агып чыгып кетүүсү улана берет. Бул экономика үчүн жаман, анткени жаңы өндүрүш деген - бул жумушчу орун жана салыктар да.

Өз кезегинде дагы бир экономика илимдеринин доктору Төлөн Абдыров Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Кыргызстандан капиталдын агып чыгып кетиши геосаясий процесстер менен байланыштуу дейт.

- Капиталдын агып кетиши жылдан жылга көп байкалууда, өзгөчө каржы рыногундагы өзгөрүүлөр болгондо өтө байкалат бул нерсе, - деп түшүндүрдү ал. - Мисалы, жарандар рубль куну учкандан баштап өлкөдөн каражаттарын чыгарып кете баштады. бул бир эле Кыргызстан эмес, Түркияда да лира түшүп, капиталдын баары чет мамлекетке ага баштады.

Төлөн Шакирович биринчи кезекте акчаны Кыргызстандан инвесторлор чыгарып кетип жатат дейт.

- Албетте биздин мамлекеттин экономикасына антиорусиялык санкциялар да таасирин тийгизди, - деп кошумчалады ал.

Түшүндүрө кетели, Улуттук банктын маалыматы боюнча, акчанын чыгып кетиши былтыркы жылга салыштырмалуу көбөйгөн.

2017-жылдын биринчи жарымында  акчанын агып кетиши 192 миллион доллар болгон. Экинчи жарымында болсо 260 миллион болгон.

Бул жылы болсо биринчи жарым жылдыкта өлкөдөн 238 миллион 400 миң доллар чыгып кеткен.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх