Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЭКККМК казынага дагы 7,5 миллион сом кайтарды

Июнь айынан бери экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы атайын эсепке 150 миллион сомдон ашык акчаны которду

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жалпыга тийешелүү депозиттик эсепке кезектеги которууну ишке ашырды, анын өлчөмү 7 млн. 410 миң 504 сомду түздү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Мурдараак, ЭКККМК Жалпы депозиттик эсепке 143 млн. 377 миң 228 сом которгон эле.

Жалпы депозиттик эсепке ЭКККМК тарабынан  которулган каражаттын жалпы суммасы 150 млн. 787 миң 732 сомду түздү.

Бул которуулар өкмөттүн 2018-жылдын 22-июнундагы токтомунун негизинде ишке ашырылып жатат.

«Учурда тийешелүү иш чаралар улантылып жатат, ал президенттин өлкө коопсуздугу үчүн тезистери жана коопсуздук Кеңешинин чечимдерин аткаруу максатында аткарылып жатат», - деп такташты ЭКККМК.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх