Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЭКККМК бир жарым миллион төлөнбөгөн салык тууралуу билдирди

Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген Жалал-Абат курулуш башкармасы болду

ЭКККМК бир жарым миллиондон ашык суммадагы төлөнбөгөн салыктын фактысын аныктады.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы Мамлекеттик кызматынын Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондару боюнча кызматкерлери ыкчам иликтөө иш аракеттеринин натыйжасында салыктан баш тарткан өтө ири өлчөмдөгү фактылар табылды.

Алынган маалыматтардын негизинде, ЭКККМК тарабынан Жалал-Абат курулуш башкармалыгынын ишмердүүлүгүнө карата салыктык текшерүүнүн натыйжасында жалпы суммасы 1,5 миллиондон ашык салык төлөнгөн эмес.

Ошентип, ЖАКБнын мыйзамга туура келбеген иш аракетинин натыйжасында, Бишкек-Ош автожолунун башкы дирекциясынан мамлекеттик бюджетке  1 млн. 543 миң 880 сом зыян келтирилген.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 213-беренесинин 2 б. негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда ЭКККМК аталган кылмыш ишиндеги келтирилген зыяндардын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы ЭКККМК
Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх