Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү менен биздин ишкерлердин акыбалдары байкалаарлык кыйындап кетти»

Экономист каржы министринин биздин рыноктун атаандаштыгы жогорулады деген сөзүн сындады

Кыргызстан ЕАЭБге кирээри менен биздин икерлерибиздин абалдары кыйындай түштү, ал эми өндүрүш болсо кыйраганы турат. Мындай деген оюн
 Vesti.kg сайтына КР ишкерлер Уюмунун вице-президенти Рустам Жунушов билдирди.

- Мисалга алсак, ун өндүрүү эки эсеге түштү, көптөрү жумушсуз калышты, - деп белгиледи ал. - Расмий иштеген ишкерлер болсо, көмүскө товар алып келчүүлөр менен бирдей эмес шарттарда калышты.  Анткени бизде буга тийешелүү салыкты жөнгө салуу деген жок.

Андан сырткары, биздин айыл чарба продукциялары Евразиялык бирикменин башка өлкөлөрүнү окшош товарларына конкурент боло албайт.

- Россия менен Белорусияда айыл чарба продукцияларынын субсидиясы ИДП 8-12 % түзөт, бизде болсо ал араң эле1% түзөт, - деп түшүндүрдү Жунушов.

Өз кезегинде экономика илимдеринин доктору профессор Асылбек Аюпов биздин мамлекетте мамлекеттик сатып алуу бир гана айыл чарба продукцияларына гана экендигин эскертип өттү.

- Мамлекеттик сатып алуу бизде фермерлерди колдоого багытталган, деди ал Vesti.kg сайтына. - Бирок анын көлөмү Казакстан менен Россияныкына салыштырууга болбойт. Бирок биздин өндүрүмдөр башка өлкөлөрдө бааланат.

Түшүндүрө кетели, Бишкекте жакында эле «ЕАЭБде муниципалдык сатып алуу тармагын жөнгө салуу» темасы боюнча тегерек үстөл болуп өттү.  Анын жүрүшүндө көз карандысыз мекемелер аралык комиссия жана  Кыргыз Республикасынын бизнес коомчулугунун арызын кароочу жоопкер кызматчылар катышты. Андан сырткары, КР каржы жетекчиликтери катышты бул тегерек үстөлгө.

Жоолугушууда каржы министри Адылбек Касымалиев КР ЕАЭБге кирүү менен кыргызстандык рыноктун атаандаштык жөндөмдүүлүгү артып, мамлекеттик органдар сатып алган продукциялардын сапаттары жакшыргандыгын айтты.
Өз кезегинде атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегиянын мүчөсү Марат Кусаинов төмөнкүлөрдү билдирди: «Уюмдагы мамлекеттик сатып алуу 2017-жылы 120,7 млрд. түздү. Ал эми биздин максат аны бардык уюмга катышуучулар үчүн тоскоолдуксуз жеткиликтүү кылуу».
 
Эльвира  Алабина
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх