Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанды Дүйнөлүк соода уюмунун толук кандуу катышуучусу катары таанышты

Эксперттер бул кабарды жакшылыкка жоорушту

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун аянтчасында соода талаш тартыштарына катышууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу экономика Министрлигинин маалымат кызматы билдирет.             

- Бул баарынан мурда Кыргызстандын ишеничке киргендигинен кабар берет, - деп ой бөлүшөт Vesti.kg  сайтына экономика илимдеринин доктору Асылбек Аюпов.     - Кыргызстан ДСУ капкачан эле кирген. - Жыйырма жылдан бери ушул структурада иштеп келет, өзүнүн штаб-квартирасы бар, бардык жагдайлар, шарттар менен тааныш. Бир гана теория жүзүндө эмес, практика жүзүндө да тааныш. Эгерде мындай мүмкүнчүлүк пайда болсо, аны пайдаланыш керек.                     
Асылбек Нургазиевичтин сөзү боюнча, бул уруксат берүү Кыргызстандын ДСУ өзүнүн толук кандуу мүчө болгондугун түшүндүрөт.

- Демек биздин өлкөгө ишенип башташты, - деп сөзүн андан ары улайт экономист. - Кыргыз Республикасы эл аралык иштерде кадыр барк топтоду. Тактап айтканда, эл аралык соодада.

Эске салсак, ушул жылдын 20-декабрында Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондугуна 20 жыл толот.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх