Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан баары бир 37 млн. долларды төлөп берет окшойт

Бул акча республика үчүн чоң эле сумма, бирок андан да жаманы кадыр баркка доо кеткени турат

Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушун башкалар башкарып, ал эми карызды Кыргызстан төлөй тургандыгы ызалантат.  «РусГидро» компаниясынын биздин өлкөгө койгон доосуна ушундай деген комментарий берди Экономика маселелери боюнча экчперт Искендер Шаршеев. 

- Ал  Vesti.kg сайты менен болгон баарлашуусунда ГЭС жаңжалы башталаардан мурдараак Россияда бул проектти Кыргыз Республикасында ишке ашырып жаткан Евгений Додду камакка алышты. - Ошондуктан келишимдин бузулушу бир гана Кыргызстанда болгон эместей.

Экономист орусиялыктар тараптан болгон соттук доо өзүнүн тууралыгына жетишээрлик далил бар деп эсептейт.

- Эгерде биздин чиновниктердин орусиялыктар бардык чыгымдар менен алектенгендиги тууралуу колдорунда документтери болсо, анда утук биздин өлкө тарапта болмок, - деп эсептейт Шаршеев. - Чечим Кыргызстандын пайдасын чечилмек. Бирок утулуш деле Кыргызстан үчүн кыйроого тете болбойт, анткени ал 2,5 млрд сомго барабар болот экен. Өкмөтүбүз бир гана чет элдик сапарларга гана 1,5 млрд. осм коротот дейт эксперт. Башкача айтканда талап кылынган сумма бюджеттин 0,7 % гана түзөт.

- Эгерде бул акчаны бизге төлөгөнгө милдеттендиришсе, анда бул бир жылдын ичинде төлөнүш керек. Чоң деле чыгымга учурабайбыз, бирок кандайдыр бир деңгээлде дефицит пайда кылат. Анткени менен азыр бир тыйын берүү да кыйынга турган чак.

Дагы би экономист Сергей Понамарев бул карызды берүү мамлекеттик бюджетке катуу сокку урат дейт.

- Сумма өтө деле чоң эмес дегилечи, - дейт ал  Vesti.kg сайтына. - Сот чамасы экономикага кыйыр түрдө зыян алып келет.

Монамарев Гаага соту орусиялык тарапты канааттандырат деп ишенет.

- Албетте бийликтин пайдасыз чечими үчүн мындай сумманы төлөө кейиштүү дегилечи, - дейт ал.

Бир нече күн мурда Гаага арбитраждык соту орусиялыктардын Кыргызстанга болгон арызын кабыл алыптыр.

Энергокомпания 37 миллионду кайрып берүүнү талап кылып жатат. Ал акча Жогоркунарын ГЭС каскадынын курулушуна коротулган.

КР өкмөтү бул сумманы жогорулатылган деп эсептейт жана эл аралык аудитте далилдейм деп жатат. Андан сырткары, 2016-жылы республика жаңы инвестор табууга аракет кылды бирок ал аракети майнапсыз чыгып калды.

Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу тууралуу келишимге Путин мегнен Атамбаевдин катышуусунда Автандил Калмамбетов жана Александр Новак кол коюшкан.

Курулуш үч жылга чейин башталбай турду, кыргыз тарап жер бербей, орус тарап акча бербей туруп калып, бул создугуп кетти. Бирок даярданууга эле 37 млн. доллар коротуп жиберүүгө үлгүрүшкөн.

2015-жылы декабрь айында, Кыргызстан каржы маселесинин айынан Орусиялыктар менен болгон келишимден баш тарткан.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх