Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстанда эртең дагы эмне болуп кетет деп, элдер ипотека алгандан коркушат»

Эксперт биздин өлкөдө насыя берүүнүн шарттары жаман экендигин айтат

Эгерде жарандар ипотекага насыяны аз ала башташса, анда алар эртеңки күнгө ишенбейт. Мындай деген оюн  Vesti.kg сайтына экономист Азамат Акенеев бөлүштү.

- Ипотека алуу - бул олуттуу чечим, анткени насыяны көп жылдар бою төлөө керек, - дейт ал. - Берилген насыялардын өлчөмүнө караганда иш жакшы эместиги байкалат. Банктар ставкасын деле түшүрүп жатышат, бирок баары бир.
Эксперт Кыргызстанда насыя берүүнүн шарттары начар экендигин кошумчалады.

- Үй сатып алууга берилген насыларды ипотека деп атоо кыйын, анткени банк кудум ошол сатылып алынган үйдү күрөөгө алат, - деп түшүндүрдү Акенеев. - Бизде банк насыя берип жатып, кайра эле башка күрөө тууралуу талапты коёт. Балким азыр шарттары өзгөргөндүр, бирок былтыр ошондой болчу.

Түшүндүрө кетели, Улуттук банктын маалыматы боюнча, берилген ипотекалык насыянын көлөмү былтыркыга караганда 1,5 эсеге айзайган.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх