Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда бензин арзандашы мүмкүн

Казакстандан күйүүчү май алып келүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Кыргызстанда Казакстандан бензин алып келүү мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КР нефтетрейдерлер Бирикмесинин директору Улан Кулов билдирди.

- Казакстанда ашыкча күйүүчү май пайда болуп, алар аны сатууга ниеттенип жатышат, - деп түшүндүрдү. - Адегенде бул демилгени Орусия менен ишке ашыруу ниеттелген. Эми бул келишимди Казакстандын парламенти ратификацияласа, анан биздин өлкө менен кол коюшуулар болот.

Кулов бензинди мынчалык көп алып келгенде арзандашы мүмкүн дейт.

- Бааны алдын ала айтуу кыйын, анткени бензинди жеке компаниялар алып келет, - деп түшүндүрөт ал. - Ой жүгүртүп көрсөк, мындай учурда арзандашы керек бензин, болбосо биз Орусиядан бензин алууну уланта беребиз. Келищимге качан кол коюлаары да белгисиз, бирок сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Түшүндүрө кетели, кен казуу, энергетика жана өнөр жай боюнча Мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков ММКларга Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү май келет деп билдирди. Ал баалардын бычылып жана арзандатылып жаткандыгын белгиледи.

Вероника Малышева
Сүрөт www  

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх