Кыргызстандыктарды акы төлөй турган жол тууралуу жаңжал күтүп турабы?
Өкмөт карап жаткан бул жаңы нерсе биздин республика үчүн абдан керек деп эсептейт эксперт
Кыргызстандагы кээ бир акылуу болуп калышы мүмкүн. Мындай демилгени өкмөттүн кароосуна коюшту.
Мыйзамдолбоор башка алмаштыра турган альтернативасы жок автожолдор үчүн. Азыр болсо айланма жолго салып коюп акча ала берсе боло берет.
Кыргызстандын жүк ташуучулар Бирикмесинин төрагасы Темирбек Шабданалиев бул долбоорго каршы. Vesti.kg сайтына берген маегинде жол акы жүк ташуучулардын ишине жана чөнтөгүнө катуу зыян кылаарын какшап айтты.
- Мисалы, Бишкек - Торугартты алалы, - дейт ал. - 3 миң айдоочу Кытайдан товар тартып келе жатат. Дагы 500 ички ташуулар. Маанилүү Бишкек - Ош трассасынын альтернативасы жок.
Кыскасы, Шабданалиев кошумча жол куруп беришсе, анда акылуу жол кылганга макул. Болбосо бирикменин башчысы социалдык чыңалууларды жана карама каршылыктарды көрүп турат.
- 2020-жылдан баштап биздин өлкө кредит берет экен, - дед ал. - Албетте, инвесторлордун карызын бериш керек. Бирок абайлаш керек.
Ал эми инфрастрктура жан транспорт боюнча эксперт Марат Мусуралиевдин пикири такыр башкача. Ал альтернативасыз жолдор Казакстан менен Тажикстанда да бар экендигин эскертти, эгерде кеп Орто Азия тууралуу болуп жаткан болсо. Vesti.kg сайтына берген маегинде ал мындай жолдор Кытайда да жана башка өлкөлөрдө бар экендигин айтты.
- Тажикстанда 360 км жападан жалгыз Түндүк - Түштүк жолу, акы алынат - деди ал. - Бардык автолорго тарифтер коюлган 2 тоннага чейин, 2 - 7 тоннага, 7 -14, жана 14 жогору. Бул КР тышкы карызынан кутулууунун бирден бир жолу болуп саналат. Кытайда бардык жолдор акылуу. Казакстанда дагы эки жолду акылуу кылганы жатышат.
Кыскасы Кыргызстандын транспорт тармагы коңшуоардыкынан айырмаланат. Анткени Казакстан менен Кытайда автожолдордо 40% ашык жүк ташуучулар жүрбөйт. Калгандары темир жол жана башка жол менен жүрөт. Бизде болсо темир жолдун жоктугуна байланыштуу 96% авто менен ташышат.
- Бул мындайча көрүнүш: биз кредит алабыз, бекер жол салабыз, ал 5-8 жыл аралыгында талкаланат. Биз болсо 40 жыл аралыгында карыз төлөйбүз, - деп түшүндүрөт Мусуралиев.
Жакшы жолдон пайдалангандыгы үчүн төлөө - мамлекеттик бюджет көзгө илбей жаткан бирден бир статья. Жүк ташуучулардын бюджетке эң эле зыян келтиргени салык төлөбөгөндүгү.
Марат Мусуралиевдин маалыматы боюнча, он айдоочунун бири гана өз кирешесинен мамлекетке бөлүшөт. Калгандары патентти ижарага бир гана сапарга алышат.
- Патентти төлөбөй коё тургандар үчүн ыңгайлаштырбай, таптакыр жокко чыгарыш керек, - деп эсептейт эксперт. - Орусияда мисалы, жүк ташуучу жеке ишкер катары катталууга тийиш.
Мусуралиев Шабданалиев сыяктуу эле бул мыйзам долбоордун каршы кабыл алынышын күтүп жатат. Бирок ал баары бир ушундан соң баары оңолот дейт.
- Бизден мурда камсыздандырууга тыйынга арзыбаган топтом киргизген, ошондо маршруттук таксидегилер каршылык кылышкан, - деп эскерди ал. - Бул кишилер салык төлөбөй көнүп калышкан.
Эксперт бир дайыма болчу таразадагы көйгөйдү айтты. Талкаланып жаткан асфальттар уруксат берилгенден ашыкча алып кетип жаткандарын айгинелеп жатат.
- Ушундай боло берет, анткени таразада жалаң гана нак акчалар айланат, - дейт Мусуралиев. - Болбосо таразанын оператору 7300 сомго үй бүлөсүн бага алабы?
Ошондуктан ал уурдайт. Эксперттин оюнча, транспорттук бюджеттин жыртыгын бүтөш үчүн патентти жок кылуу керек жана жолду акылуу кылуу керек.
- Ансыз тышкы карыз өсүп жатат, жолдор болсо бузулуп жатат, а каражат болсо жок, - дейт ал. - Туңгуюк. Эгерде биз бул акыны киргизүүдөн корксок, анда биз тышкы карыздан кутула албайбыз.
Ольга Федорчук
Сүрөт www