Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин айланма жолу акы төлөй турган болуп калышы мүмкүн

Бул мыйзамдолбоорду өкмөттүн кароосуна жиберишти

Альтернативасы жок бир нече жолдор акы төлөй турган болуп калышы мүмкүн. Мыйзам долбоорду өкмөттүн кароосуна алып киришти.

- Эгеде мыйзамды кабыл алып калышса, Бишкектин айланма жолу, Кубакы ашуусундагы жол, ошондой эле азыр курула эле Өзгөндөгү айланма жол, - деди бул демилгенин авторлошу Нурлан Кайыпов.

Белгилей кетүүчү нерсе, азыркы жол тууралуу мыйзам жол үчүн акча алууга тыюу салат. Долбоор ушуну алып салууну сунуштап жатат. 

Vesti.kg сайты мурда билдиргендей, Кыргызстандын жүк ташуучулар Бирикмесинин төрагасы Темирбек Шабданалиев мындай мыйзам долбоорго караманча каршы. Ал түшүндүргөндөй, милдеттүү төлөмдөр жүк ташуучуларга жана алардын ишине сокку сезилээрлик  урат.

Бирок, инфраструктура жана транспорт боюнча эксперт Марат Мусуралиев бул мыйзам долбоорду эртеби кечпи киргизбесек Кыргызстандын тышкы карызы күн санап өсүп жатат дейт.

- Бул болжол менен мындай көрүнүш: биз карыз алабыз, акысыз жол курабыз, ал болсо 5-8 жыл ичинде урайт, а биз болсо карызды 40 жылдап төлөйбүз, - деп түшүндүрөт ал.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх