Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Джунда» нефтини кайра иштетүүчү заводу газды тымызын Тажикстанга сатып жатабы?

Жүк ташуучулар коңшу республикага дамаамат күйүүчү зат ташып жаткандыктарын айтышат

Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү «Джунда» заводу автомобилге жагылуучу газды Тажикстанга жашыруун сатып жатат. Бул тууурасында Vesti.kg сайтына Кыргызстандын автожүк ташуучулар Бирикмесинин башчысы Темирбек Шабданалиев айтып берди.

- Мен бул көйгөйдү иликтеп жатам жана бул тууралуу жүк ташуучулардан уктум. НКЗ газды Тажикстанга тымызын сатып жатыптыр, - деди ал. - Айдоочулар бул сапарлардан акча иштеп жатабыз, мындай учур көп эле болот дешти.

Бирикменин башчысынын сөзү боюнча, «Джунданын» бул кылыктары Кыргызстандагы газдын кымбатташына алып келет. Ал 2017-жылы бир литр газ 18 сом, ал эми кечээ жакында эле 26 сом болгондугун эске салды. Бүгүнкү күнү болсо газдын баасы 29-30 сом.

- Заводдун өзүндө болсо баанын өсүшүн ремонтко шылташат, бирок ремонт бир жума мурун эле бүткөн болчу, - дейт Шабданалиев. - Бул кыянатчылык: газды бул жерден өндүрсө, экологияны талкаласа, анан башка мамлекетке сатабы. Бул жерде кытайлар пайда көрүп жатышат, анткени газды алып келүү ошолордун колунда.

«Джунда» нефтини кайра иштетүү заводу бул маалыматты четке кагат. Алар жооп иретинде Vesti.kg сайтына ишканада азыр таптакыр газ жок деп айтышты.

- Бизде газ жок, Тажикстанга сатканыбыз жок, - дешет заводдогулар. - Бизде андай келишим жок.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх