Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бишкекке айнек менен тосмолонгон аялдамалар керек». Депутат буга акчаны кайдан табууну да айтты

Марлен Маматалиев өкмөткө коомдук транспорттун өтүү убактысы жазылган жадыбалды аялдамага илүүнү сунуштады

Ордо калаада заманбап айнектен тосмолонгон аялдамаларды курууну баштоо керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев киргизди.

Анын айтымында, бул долбоор чоң акчаны деле талап кылбайт. - Буга акчанын деле кереги жок. Муну ири компаниялардын жарнамаларынын эсебинен кылдырып алсак болот. Менин оюмча бул долбоорду ишке ашырчу мезгил келип жетти.

Депутат өкмөт коомдук транспорттун өтүү убактысы жазылган жадыбалды гана илип койсо болоорун кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх