Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин күнөөсү жокпу?

Мекеменин мурдагы башчысы эмне үчүн өлкөнүн айыл чарба тармагында көйгөй көп экендигин айтып берди

Айыл чарба, мелиорация жана тамак аш өнөр жайынын министри Нурбек Мурашев өз кызматын эптей албагандыгы үчүн катуу сынга кабылды. Бир нече күн мурун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ага ишинде кетирген каталыгың үчүн керт башың менен жооп бересиң деп эскерткен.

23-октябрда болсо президент Сооронбай Жээнбеков Нурбек Мурашевди кабыл алып, базар баасын чалгындай албагандыгына жана айыл чарба продукциялырын жетишсиз өлчөмдө экспорттоо боюнча нааразы болгон. Мурашев ага көп эле нааразы боло беришсе, кызматын өткөрүп берүүгө даяр экендигин билгизди. Айыл чарба мекемесиндеги көйгөйгө министр күнөөлүү болмок беле деди Vesti.kg сайтына мурдагы айыл чарба министри Төрөгул Беков.

- Бул түзүлгөн кырдаалда Мурашев күнөөлүү эмес, ал тажрыйбалуу адис, - деп эсептейт Төрөгул Ниязович. - Болгону биздин өлкөдө система ушундай. Анын ордунда башка кайсы министр болсо деле ушундай болмок, алтургай мен деле. Бул жерде бирэле адамды күнөөлөй берүүгө болбойт.

Мурдагы мекеменин башчысынын сөзү боюнча, айыл чарба Мнистрлиги жакшы адистерди топтой албай жатат, анткени айлык 4 миңден 12 миңге чейин.

Пайдасыз жетекчини иштен бошотууга дайыма эле оң келе бербейт, анткени муну көбүнчө жогору жак көзөмөл кылып турат. Чиновниктин аки чүкүсүн чукуп, далилдеп отургуча, алар үчүн ордунда калтырып коюу оңтойлуураак болот.

- Министр дайыма эле ойлогон оюн ишке ашыра албай, - деп Беков.

Дагы бир көйгөйдүн түпкү маңызы айыл чарба тармагындагы башкаруу системасындагы чалкештик деди ал. Орусияда мисалга, айыл чарба Министрлиги ири каражаттарды бөлүштүрүүчү мекеме, ссуда берет, урук берет, малдык тукуму жакшыларын берет. Союз учурунда Кыргызстанда да ушундай болгон.

- Бирок Кыргызстандын айыл чарба Министрлиги батыштыкына окшош түзүлгөн, аны менен эч ким алектенбейт, - деп түшүндүрдү эксперт. - Каржылоого келгенде батыштыкына такыр окшоштура алышпайт. Мындай болуп жатат: ыйгарым укукту алып коюшат да, силерге мүмкүнчүлүк берип жатабыз го дешет.


Төрөгул Беков агроөнөржай жана мал чарбачылыгында ийгиликке жетишүү үчүн бир эле айыл чарба Министрлиги эмес, экономика Мнистрлиги, КР ТИМ, ветеринария жана Бажы кызматы, Соода-өнөр жай палатасы, элчилик, ошондой эле Евразиялык экономикалык өлкөлөрдүн комиссиясынын мүчөлөрү жардам кылышы керек.


- Мына Беларустун элчилиги трактор жана самосвалдарын сатканга жардам берет, - деп мисал келтирет мурунку министр. - Орусияны белорустун сүтү жана эти менен камсыздоо үчүн ал өлкөнүн өкүлдөрү буга ЕЭК алкагында жардам көрсөтүшөт. Эмне үчүн Кыргызстандын өкүлчүлүгү мындай иштер менен алектенбейт?

Продукцияны жакшылап сатуу үчүн эмне керек, Бековго да бере турган кеңештер бар. Анын пикири боюнча, карташка жакшы болсо, бирок баа түшүп кетсе, ошол жерден эле сатып баштоонун кереги жок. Аны жашылча сактоочу жайга киргизип баасы көтөрүлгүчө сактоо керек.

- Бул Айыл Банк, РСК Банк жана Орус - Кыргыз өнүктүрүү фонду үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүк болмок, - дейт ал. - Биздин экспорттой турган эмнебиз бар? Жашылча, жемиш, фасоль. Ошондуктан Талас областында фасолду консервалоо, ал эми башка аймактарда жашылча-жемиш сактоочу жайларды куруу идеясы жакшы болмок.

Мурда фермерлер өкмөткө ишенип картошка, жүгөрү, пияз жана чесногубузду сата албай калдык деп даттанышчу.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх