Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Соцфонддун башчысы пенсионерлер жана майыптар өтө көбөйүп кетет деп чочулайт

 Социалдык жактан коргоо боюнча мурдагы министр чындыгында чиновник эмнени айтайын дегендигин түшүндүрүп берди

Кыргызстандагы пенсия саясатын капкачан эле өзгөртүү керек болчу. Мында пикирин  Vesti.kg сайтына калкты социалдык жактан коргоо боюнча экс-министр Айгүл Рыскулова бөлүштү.

- Кыргызстанда пенсиялык салымдарды төлөбөгөн элдердин катмары бар, бирок аларга пенсиянын негизги бөлүгү төлөнөт, - деп эскертет ал. - Бирок биздин өлкөдө камсыздоочу салымдар шарттуу түрдө гана экендигин эске алышыбыз керек. Соцфонда каражат төлөө менен бирге, иштегендер иштебегендерге пенсия төлөйт. Бирок, мисалы, батыш өлкөлөрүндө адамдар пенсияга акча топтогондон кийин ал акчалар кайда жана кантип ал акчаны пайдаланып жатышкандарын так билишет. Ал жакта пенсияга акча топтогондорго акчасын кайда салса пайда көбүрөөк болоору тууралуу кеңеш беришет. Ал эми кыргызстандыктар пенсия салымдары андан ары эмне болоору тууралуу кабары да жок.

Айгүл Маратовна бүгүнкү күндө Соцфонд пенсияга чейинки жашоону кантип эсептеп жатканы белгисиз экендигин белгилеп кетти.

- Бардык маалымат ачык болушу керек, - деди ал. - Ар жыл сайын бюджет түзүлгөндө Соцфонд жарандарга пенсия кантип түзүлүп жаткандыгын түшүндүрүп туруусу керек. Азыр болсо баары караңгы. Ошондуктан көптөрү салымдарын кайда кошуп жатканын да билишпейт. Бул жаатта бардык саясатты өзгөртүү керек, бирок пенсиялык куракка тийишпөө керек. Биз тоолуу, анча бай эмес өлкөдө жашайбыз, пенсиялык куракты жогорулатууга болбойт. Бүгүнкү күндө Соцфондго бөлүнгөн акчанын көп бөлүгү мамлекеттин дотациясы, бирок бул көпкө чейин жетпейт да. Бир нерсе кылып өзгөртүү керек.

Түшүндүрө кетели, бүгүн Социалдык фонддун башчысы Медер Ирсалиев Жогорку Кеңештин тийешелүү комитетинин жыйынында, эгерде пенсия саясатын өзгөртсөк, эки жылдан кийин пенсия төлөй турган эч нерсебиз калбай калат деп билдирди.

«Пенсионерлердин саны тез арада өсүп жатат, майыптардыкы да андан кем эмес өсүүдө. Пенсия төлөөгө каражатыбыз эки-үч жылга жетет, анан кризис башталат», - дейт Ирсалиев ЖМКларга.

Вероника Малышева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх