Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экономика Министрлиги жаман мыйзамдарды колдонууга тыюу салууну сунуш кылат

Жогорку Кеңештин депутаттарынын бул тууралуу пикирлери эки ача болду

Ишкерлердин акыбалын кабыл алынган мыйзамдар эмес, алардын аткарылышы кыйнап жатат. Сындай пикирин Vesti.kg сайтына депутат Дастан Бекешев билдирди.

Түшүндүрө кетели, экономика Министрлиги коомчулуктун талкуусуна ишкерлердин акыбалын кыйындата турган мыйзам долбоорлорго мораторий киргизүү тууралуу токтомду алып чыкты.

«Учурда мамлекеттик органдар ишкерлерди көзөмөл кыла турган укуктук-нормативдик актыларды көп иштеп чыгарып жатышат, - деп жазылат негиздөөчү тактамада. - Көптөгөн мыйзамдар ишкерлерге бут тосо турган багытта чыгып жатат, бул өз кезегинде Кыргызстандын инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүнө терс таасирин тийгизет.
Ушул себептен, Кыргыз Республикасында мындай багыттагы долбоорлордун укуктук актыларын кабыл алууга тыюу салуу зарыл. Анткени ал ишкерлердин абалын кыйындатуу максатында чыгарылып жатат».

- Эмнегедир мындай мыйзамдар менин эсимде жок, - дейт Бекешев. - Президент мыйзамга кол койгондон мурун, ал бизнести жүргүзүүгө кандай таасир этээрин карайт го. Дагы бир жагы, бул мыйзамдар дайыма эле иштебейт. Маселе укук коргоо жана сот органдарында. Андан сырткары, кандайдыр бир мыйзамдарды чыгарууга мораторий киргизүү - бул конституцияга каршы келет. Алтургай президент дакандайдыр бир Кодекске түзөтүү киргизээрде сунуштун гана негизинде ишке ашырат.

Өз кезегинде дагы бир Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арабаев экономика Министрлигинин идеясын колдоого убада берди.

- Мен муну туура ой деп эсептейм, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Айрыкча бул Салык кодексине тийешелүү. Мыйзамдар ишкерлердин пайдасына чыгарылгансыганы менен көпчүлүк учурда аны татаалдантып коёт.

Азамат Абдуллажанович бир канча жыл мурун товар жүгүртүүдөн түшкөн пайдадан аванс төлөмү катары, бир пайыз ала турган мыйзамды киргизишкендигин эскертти. - Өндүрүшчүлөр үчүн бул мыйзам оңтойлуу болчу, ал эми ири товар айлантуучу соодагерлер зыян тартышкан, - деп белгиледи. - Анан бул мыйзамды кайра карап чыгууга туура келген. Азыр Жогорку Кеңеш мыйзамдарды тыкыр карап жатышат: комитеттер жана үч окуу бар, бирок баары бир каталарды таптакыр жок кылууга аракет жасоо керек.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх