Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперттер Кыргызстандын эли Казакстандын элине караганда 10 эсе начар жашашаарын моюнга алышты

Ал ортодо Жогорку кеңештегилердин бул статистикалык маалыматка жиндери келди

Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын эли Казакстандыкына караганда 10 эсе кедей деген маалыматты угузушту. Депутат Айтмамат Назаров бул маалыматка макул эмес экендигин билгизди, анткени ИДП казакстандыктардын жан башына 14 миң доллардан туура келет, ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасында 1,3 миң долларды түзөт. Эл өкүлү ачууланып, бул статистикада көрсөтүлгөн сандарга ишенген жок. Эл өкүлүнүн ою боюнча, чындыгында Кыргызстандын айрым аймактарында элдер бир топ эле жакшы жашашат. Ошону менен бирге Назаров статистикалык комитет чындыкка жакыныраак маалымат бериши керектигин кошумчалады.

Статистиканын маалыматтарына ишенсе болот, анткени мунун үстүнөн бир канчалаган эксперттер иштеди да. Бул туурасында Vesti.kg сайтына көз карандысыз эксперт Искендер Шаршеев билдирди.

- Казакстанда да айылдар бар, өтө оор турмушта жашашат, айрыкча бизге чектеш айылдары начар жашашат, - деп белгиледи ал. - Эгерде Алмата, Астана сыяктуу чоң шаарларын ала турган болсок, албетте жашоолору бир канча жакшыраак. Ал жагы административдик борбор, жөнөкөй профессор 3000 доллар айлык алат, а бизде 300 доллар алышат. Айырма сезилээрлик. Бирок, анткени менен, четирээктеги айылдары биздикине караганда алда канча начар жашашат. Статистика боюнча жашоо бизде начар. Ал эми күндө көрүп жүргөн акыбал башкача. Кыргызстандагы ИДП 2017-2019 жылга жан башына 1219 доллардан, ал эми Казакстанда 2013-жылы 13890 доллардан болгон. Ал эми 2017-жылы Казакстанда 8837 доллардан болуп калган. Бул деген Казакстанда өнүгүү деңгээли 4 миңге түшүп кеткендигин билгизет.

Экономист статистиканын маалыматтарына ишенгиси келет.

- Мен эксперттерге ишенгим келет, - деп билдирди ал. - Мунун үстүнөн көп сандаган адистер иштешти. Статистиканын кандайдыр бир кемчиликтери бардыр, бирок жалпысынан чындыкты билдирет. Эгерде биз алардан жакшы жашайбыз деп койгонубуз менен цифралар башкача болуп жатпайбы, андан акыбал өзгөрүп кетпейт да. Эгерде биз чындап эле цифраны өзгөрткүбүз келсе, анда өлкөдө реформа жүргүзүүбүз керек, ансыз да 27 жыл кечиктик. Мисалы, мамлекеттин экономикага тийгизген таасирин азайтуу, мамлекеттик милдеттерди менчик секторлорго өткөрүп берүү.

Дагы бир көз карандысыз эксперт Станислав Епифанцев өз кезегинде Vesti.kg сайтына берген маегинде кыргызстандыктар казакстандыктарга караганда активдүү эл экендигин билдирди.

- Колуңда цифра жок туруп баа берүү кыйындыкка турат, - деп белгиледи ал. - Биздин мамлекеттин булуң бурчун кыдырып, анан Казакстандыкын кыдырып туруп, казактар жакшы жашайт деп айтуу кыйын. Республиканын түштүгүндөгү калктын көп бөлүгү иштеп келүү үчүн кетишкен. Мен аны биздин лкө үчүн жакшы нерсе деп айтаар элем. Элдер кол куушуруп отурбайт, эч кимден суранбайт, акчаны өз күчү менен табат. Мамлекетти да багат. Расмий статистика боюнча, былтыр биздин мигранттарыбыз 24 миллиард сом акча жөнөтүшкөн. Менин оюмча, Казакстанда мындай цифра жок. Бул жагынан алып караганда биздин жарандар активдүү.

Анын ою боюнча, постсоветтик өлкөлөрдүн баарынын акыбалдары бирдей эле.

- Кимиси бай, кимиси кедей экендигин аныктоо кыйын, - дейт эксперт. - Муну менимче адистер баалаш керек, аларда так маалымат болушу керек. Кыскасы постсоветтик өлкөлөрдөгү көп мамлекеттер бирдей акыбалда жашашат. Бул катуу экономикалык кризстин шарттары. Мактана турган деле эчтеке жок.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх