Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек мигранттарына пенсияны ким төлөп берет?

 Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдөгү мигранттардын пенсия алуу маселеси талкууланды

Пенсия маселеси миллиондогон эмгек мигранттарынын чоң көйгөйү,-дейт эксперттик дискуссиянын уюштуруучусу Денис Бердаков. Анын айтымында бул актуалдуу маселе көп жылдан бери чоң талкууну жана бул багытта алгылыктуу иш-аракеттерди көрүүнү талап кылат.
Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдө эмгектенгендерди пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөгү келишим күчүнө кирген. Бул келишим экономикалык биримдиктин алкагындагы эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт деп билдиришти. Буга ылайык мигрант эмгектенген өлкө ага пенсия төлөп берет. Андыктан, эмгек мигранты мыйзамдуу түрдө жумушка орношууга кызыкдар болот. Өз кезегинде бул жагдай Евразия экономикалык союзуна кирген өлкөлөрдөгу эмгек миграциясын жөнгө салууга жакшы таасирин тийгизет.
Эксперттик дискуссияда Россия жана Казакстанда эмгектенген Кыргызстан жарандарына пенсия чегерүү өзгөчөлүгү, ЕАЭБтин алкагында эмгек мамилелерин мыйзамдаштыруу менен мигранттарга пенсия берүү кепилдиги, пенсия менен камсыз кылууда мамлекеттик эмес пенсия фонддорунун катышуусу жана бизнес өкүлдөрүнүн пенсия менен камсыз кылуу келишимине кызыкдарбы деген маселелердин тегерегинде кызуу талкуу жүрдү.
Бүгүнкү жолугушуу чет өлкөлөрдө эмгектенген мигранттарга туруктуу түрдө пенсия төлөп берүү үчүн Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр ортосунда айтылган сунуштамаларды эске алуу менен бирдиктүү документтерди иштеп чыгуу керек деген корутунду менен жыйынтыкталды.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх