Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Марат Султанов: «Ташкенттен келген помидорлор деп бизге алдап сатып жатышат»

Өзбекстандан Кыргызстанга жашылча, жемиш импорт болуп келбегендиги «Кыргызстандын күнөскана тармагындагы жаңылыктар» аталышындагы эл аралык форумунда айтылды

Күнөскана ишкердигине кызыккан бардык тараптар жана жергииктүү фермерлер форумда аткезчилик көйгөйү, каржы маселелери, агрардык сектордогу күнөсканаларды өнүктүрүү жана бул тармакка жаңычылдыктарды киргизүүнү талкуулап жатышат.
Күнөскана ишкердиги өлкөбүздү тамак-аш менен камсыздап турган экономиканын маанилүү тармагы.
Бүгүнкү күндө жашылча жемиштерди эгип, өстүрүү аларды сактоону, кайра иштетүүнү, жабдыктарды модернизациялоону жана жемиштерди сатууну, тажрыйба топтоо такай өнүгүүнү жана жаңы технологияларды колдонуүну талап кылат.
"Кыргызстандын күнөсканалар ассоциациясынын" президенти Тилек Токтогазиевдин айтымында күнөсканаларды иштетүүдө илимий ыкмалар колдонушу керек.
«Бул форум мамлекеттик органдар менен агробизнестин ортосундагы мыкты мамилени пайда кылат» - дейт Тилек Токтогазиев.
Айыл чарба,азык-түлүк, өнөр-жай жана мелиорация министрлигинин өкүлүнүн айтымында 2018-жылдын 1-ноябрына карата өлкөдө түрдүү типтеги 2351 күнөскана жана анда иш кылган 523 чарбачылык субьекттер бар. «Күнөсканаларда жашылча жемиш өстүрүү боюнча коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кыймыл аракет бизде жогорку деңгээлде болбосо да мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү,өнөр-жайды кайра иштетүү,жаңы техникалар менен жабдуу жана тамчылатып суугаруу маселелеринде кеңеш берип, окуу семинарларын өткөрүп келебиз» - дейт министрликтин өкүлү.

Марат Султанов күнөскана тармагына инвестор катары келип биротоло калууну чечкен. Мурдагы каржы министри жана экс-депутат Марат Султанов бүгүн күнөскана компаниясынын башкаруучу директору болуп эмгектенет. Анын айтымында күнөскана тармагын терең изилдеп чыгып, инвестордон өндүрүүчү болуп, жашылча жемиш ишкерине айланган.
«Учурда базарларда сатылып жаткан помидорлор Ташкенттен келбейт. Кыргызстанга Өзбекстандан жашылча жемиш импорт болуп көп жылдан бери келбей калган» - дейт Марат Султанов.
Күнөсканачылардын эл аралык форуму эки күнгө созулуп эртең да уланат.

Акылай Рахматулла

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх