Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Темирбек Шабданалиев: Схемага УКМК өкүлдөрү, ЭКККМК жана ИИМ аралашкан

Жүк ташуучулар Бирикмесинин башчысы Кыргызстандын транспорттук чөйрөсүнүн талдуу жерин айтып берди

Кыргызстандын жүк ташуучуларына кытай визасын берүү системасын коррупционерлер жана бюрократтар басып алышкан. Ишке керектүү документти алуу үчүн миң доллар керек деп айтат Vesti.kg сайтына Кыргызстандын жүк ташуучулар Бирикмесинин башчысы Темирбек Шабданалиев.
- Бизге Кытайдан аябагандай көп товра келип түшөт, - дейт ал. - Бирок аны ташуу үчүн биздин айдоочуларга КЭР визасы керек. Жүк ташыгыч электрондук кезекке жарым жыл турат, анан ага «Жок» деген жоопту айтышат. Ал эми визаны дагы суроо үчүн кезекте дагы жарым жыл турушу керек. Мындай бюрократияга чыдабаган элдер көп суммадагы акчаны бере салышат. Демейде виза 160-180 доллар турса, коррупционер дароо миң долларга көтөрөт баасын.

Шабданалиевдин сөзү боюнча, схемага улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы жана ички иштер Министрлиги аралашкан. Бирок ошентсе да УКМКга суракка бирикменин төрагасын да чакырып, аны катышың бар деп шек санашты.

- Биз бул маселени 10 жолу транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловдун алдына койдук. - Эч нерсе өзгөргөн жок.

Шабданалиев транспорт жана жол Министрлиги пайда болгондон бери аны бир да транспорт тармагын билген адам башкарбагандыгын белгиледи. Ал жерде бийлик үчүн оңтойлуу гана адам отурат, деп эсептейт ал. - Менимче, министрлер мекемеге бөлүнгөн акчаны кантип адалдоону гана ойлонушат, - деп арызданат бирикменин төрагасы.
- Кыргызстан 3 миллиард долларга автожолду оңдоду. Анын алгачкысы - Бишкек-Ош жолу эми эле талкаланып бүттү, жүрүүгө мүмкүн эмес. Жыйырма жыл да өтө элек оңдолгонуна. Трассаны эң кеминде 50 жылга болжоп курушат го? Акчанын баары кайда кетип жатат? Жакында эле Азия өнүктүрүү банкы каражат бөлдү, мен Бирикмени мониторингдик топко кошууну сунуш кылдым. Бизди кошпой коюшту.

Шабданалиев биздин кыргызстандык жүк ташуучулардын белорус жана казак жүк ташуучулары менен болгон атаандаштыкта эч кандай чара көрбөгөндүгүн айтып күйөт. Жумушчу орунду тарттырып коюп жатабыз. Анткени чет элдик жүк ташуучулардын техникалары жакшы жана жүк ташуунун менеджменти эки эсе мыкты, ошондуктан бизге бир да мүмкүнчүлүк калтырбай коюп жатышат.

- Андан сырткары, көптөгөн жеке транспортчуларыбыз салык төлөөдөн качышат, анткени ал алардын кирешесинин 70-80 пайызын түзөт, ага кошумча 3-5 миң сом патенти да бар, - деп кошумчалады төрага.
- Маршруттук бустардын абалы деле ошондой - ар ким өзүнө гана иштейт, транспорт компаниялары банкрот болуу коркунучунда калды.

Ал Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде жол кырсыгы боюнча биринчи орунда тургандыгын белгилеп өттү. Ал эми транспорт Министрлигинде болсо бул көйгөй менен алектене турган бөлүм да жок, дейт Шабданалиев.

- Ал жерде бул маселени чече турган план да жок, бир нече жыл алдыга койгон стратегиялык өнүгүү да жок, таяна турган цифра жана пландар да жок, - деп эсептейт ал. - Бир күнү бул социалдык жарылууга алып келет.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх