Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты: Уюлдук операторлорго чалуудагы баа - бул жөн эле адамдарды карактоо

Монополияга каршы мекеменин башчысы беш жылдан кийин кыргызстандыктар байланыш үчүн болгону бир сом төлөп калышат деп убада берди

Кыргызстандын операторлору тармактан тышкаркы коңгуроолорго койгон баасы - бул жөн эле элди тоноо. Бул тууралуу депутат Алмазбек Эргешов Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында айтты.

- Мен «Билайн» компаниясынын башка операторлорго чыгуудагы баасы мүнөтүнө 5,5 сом экендигин билдим - бул өтө эле кымбат, - деп нааразы болот ал. - Ушунун айынан элдер чөнтөгүнө үч телефон салып жүрөт. Анда бизге монополияга каршы органдын эмне кереги бар, эчтеке кылбаса?

Буга жооп иретинде монополияга каршы Мамлекеттик агенттиктин директору Шухрат Сабиров депутатка мекеме операторлор ортосундагы чалууларга болгон бааны түшүрүү боюнча иш алып барып жаткандыгын билдирди.

- Биз мунун үстүндө эки жылдан бери иштеп жатабыз, - деди ал. - Алтурсун компанияга айып да салып көрдүк, бирок жыйынтыгында соттон утулуп калдык. Ошентсе да былтыр үч уюлдук операторлор өздөрү жыл сайын 50 тыйынга арзандатып туруу боюнча келишим түзүштү. Ошентип беш жылдан кийин башка уюлдук операторлорго чалуу бир сом болуп калат.

Өз кезегинде депутат Дастан Бекешев монополияга каршы мекеменин башчысынан чындап эле байланыш операторлору бааны арзандатыптырбы сурап, текшериңиз деп өтүндү.

- Эмнегедир бул тууралуу алар эч жерде, эч нерсе деп ооз ачышпайт, - деп белгиледи эл өкүлү. Балким эч кандай арзандатуу болгон эместир.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх