Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Өнөржайэнерго Мамлекеттик комитетинин башчысына сөгүш берүү - бул калп эле иштеп аткан түр көрсөтүү»

Комитетти жоюп жана тоо кен иштетүү өнөр жайы Министрлигин түзүү тууралуу кезектеги сунуш түштү

Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды иштетүү Мамлекеттик комитетин жоюу жана анын ордуна тоо кен иштетүү Министрлигин түзүү сунушун «Кыргызкөмүрдүн» мурдагы директору, коомдук ишмер Расул Үмбөталиев сунуш кылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков коопсуздук Кеңешинин 2019-жылы үчтүн айынын отузунда болгон жыйынында ӨЭКМК төрагасы Эмил Осмонбетовдун ишмердүүлүгүнө төмөн баа бергенден кийин, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин комитеттин башчысына сөгүш беришине, ал эми анын орун басарлары Азизбек Ороков менен Сүйүнтбек Аликеевди кызматтан кетиргенине таң калыштын кажети жок деп эсептейт ал.
«ӨЭКМК төрагасына комплекстүү иш жүргүзүү дана түп тамырынан берүү өзгөртүүнү иштеп чыгуу тууралуу тапшырма берүүнүн зарылчылыгы жок, - дейт коомдук ишмер Vesti.kg сайтына. - Ал эркин да, чечкиндүүлүгүн да көрсөтө алган жок. Бул кадимки эле чиновник. Ал тармакта башаламандык өкүм сүрүүдө, Осмонбетов болсо 4,5 айдан бери эч нерсе кылган жок».

Эксперт бүгүнкү күндө ӨЭКМК иши кен байлыктарды иштетүүгө лицензия берүү гана болуп калды, ал эми өнөр жайы менен энергетика экинчи планга жылдырылгандыгын көрсөтөт.

«Өнөр жай энерго Мамлекеттик комитетинде иш жүзүндө маркшейдерлик жана геологиялык иштер жүргүзүлбөйт, руданын курамындагы элементтердин саны канчча экендигин эч ким билбейт», - деп белгилейт Үмбөталиев.

Эксперт тоо кен иштетүү өнөр жайы министрлигин түзүү зарылчылыгын жана аны коштогон бир катар мыйзамдарды чыгаруу керектигин айтты. Анын оюнча, жаңы мекеменин курамына «Кыргызалтын»,геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттик жана «Кыргызкөмүр»мамлекеттик ишканасы кириши керек.

Бул кен байлыктарды казуунун майнаптуулугун көбөйтүүгө жана кен иштетүүдөгү коопсуздукту жогорулатат деп болжойт Үмбөталиев.

Андан сырткары, ал кен байлыктарды иштетүү үчүн берилген лицензиларды кайра сатууга тыюуу сала турган жана геологиялык чалгындоо иштерин өз убактысында бүтүрүүнү камсыздооочу мыйзамдардын зарыл экендигин айтат. Кен иштеткендердин депозиттик запастарын эсепке алуучу жана учётко коюучу, кен иштетүүнүн башталышын жана алтын иштетүүчү фабриканын курулушун камсыздаган мыйзам керектигин айтат.

Дагы бир маанилүү пункт тууралуу баары унутуп калып жатышат деп баса белгилейт коомдук ишмер. Ал мамлекеттин кен байлыкты иштетүүдө сөзсүз алуучу үлүшү.
«Ал эми сөгүш жарылоо жана тармактын кызматкерлерин «өз каалоосу менен» иштен кетирүүнү калп эле иштеп аткан түр көрсөтүү катары бааласак болот», - деп сөзүн бүтүрдү Расул Үмбөталиев.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх