Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан Германиядан алган 542 миллион евро эмнеге жумшалды?

Тийешелүү органдар азырынча бул суроого жооп таба элек

Депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин каржы жана бюджет боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Германиядан алган акча каражаттары кайда кеткендигине кызыкты. Тийешелүү комитет «Кыргыз Республикасы менен Германия Республикасынын ортосундагы 2017-2018 жылдардагы каржылык келишимдерди ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорду караган. Тактап айтканда, кеп 542 миллион евро тууралуу болуп жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекеменин маалымат катчысы Махабат Маматова билдирди.

- Бизде жакында гана донордук жардам бөлүм түзүлдү, - деп түшүндүрдү ал. - Бизге келген грант мурда каржы Министрлигинде болчу. Бизде азыр маалыматтар жок. Бул биздин күнөөбүз эмес. Бул маселени чечүү убакытты талап кылат. Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы боюнча комитети маалымат топтоо үчүн бизге тапшырма берген. Маселени кароону кийинки жыйынга жылдырып коюшкан, анткени бизде маалыматтарыбыз жок болчу. Биздин кызматкерлер каржы Министрлигине суроо салышат, анан ал жактан бардык долбоорлор боюнча маалымат топтойбуз. Качан гана бардык маалыматтарды өткөрүп беришкенде, эсептеп көрүп, анан адистер отчет беришет.

Медина Купсулдаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх