Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстан кайрадан Кыргызстандан чыккан азыктарга карантин киргизет

Депутат Аалы Карашев өкмөт эч кандай чара көрбөй, дыйкандар чыгымга учурап жаткандыгын билдирди

Казакстандын айыл чарба Министрлиги Кыргызстандын азыктарына карантин киргизди. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Аалы Карашев билдирди.

- Кечээ Казакстандын айыл чарба Министрлиги Кыргызстандан бараткан курма менен картошкага карантин киргизди, - деди эл өкүлү. - 460 жолу нормаларды бузуу катталган, деп билдирилет.

Карашев өкмөттү сындап, аны аракетсиздикке күнөөлөдү.
- Өкмөт, эмнеге мындай болуп жатат? - деп нааразы болду ал. - Мамлекет башчы коңшу мамлекеттер менен жоолугуп, бардык тоскоолдуктарды алып салды. Бирок алар кайрадан жаралып жатат. Биз деген ЕАЭБ катарындабыз го, мындай учурлар болушу мүмкүн эмес болчу. Дыйкандар менен иштегиле.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх