Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курманбек Бакиевдин үй бүлөсү уурдап кеткен миллиондор Америка Кошмо Штаттарынан Кыргызстанга келип түшө элек

Каржы Министрлиги өкмөттүн эсебине которула турган 4,6 миллион долларлык которууну күтүп жатышат

Кыргызстандын экс президенти Курманбек Бакиевдин үй булөсү уурдап кеткен акча каражаттары кайра кайтарылат. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына каржы Министрлигинин маалымат кызматы ырастады.

Мекеменин маалыматы боюнча, АКШ 4,6 миллион долларды кайтарып берет. Мурда билдирилгендей, Курманбек Бакиевдин президенттиги тушунда чет элдик компанияны колко кылып Кыргызстандан 6 миллион долларды чыгарып кетишкен.

- Бүгүн Кыргыз Республикасы менен АКШ өкмөттөрү биргеликте Курманбек Бакиевдитн режиминин убагында уурдалган активдерди кайтаруу тууралуу билдирүү жасашты, - деп маалымдайт каржы Министрлиги.

- Эми Кыргызстандын өкмөтүнүн эсебине каражаттарды которуу боюнча тийешелүү чаралар көрүлөт.
Белгилүү болгондой, тийешелүү келишимге кол коюушуу аземине Кыргыз Республикасынын каржы министри Бактыгүл Жээнбаева жана АКШ малекеттик катчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс катышты.

Иш чаранын журүшүндө бул акча каражаттар аймактарды өнүктүрүүгө, айыл жергесин таза суу менен камсыз кылууга, ошондой эле медициналык дары-дермектерди сатып алууга жумшалаары билдирилди.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх