Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абылгазиев «Русгидронун» башчысы менен Жогорку-Нарын ГЭС каскады тууралуу талкуу кылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Николай Шульгинге Кыргызстан силер менен гидроэнергетика жаатында пайдалуу кызматташтыкка кызыкдар деп айтты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Русгидро» акционердик коомунун башчысы Николай Шульгин менен жоолукту.
Жоолугушууда Кыргызстандын суу-энергетика дараметин эсепке алуу менен гидроэнергетика тармагында эки тараптуу кызматташтыктын келечеги тууралуу жана электр энергиясын аймактын башка өлколөрунө экспорттоо боюнча пландарды талкуулашты.

Гидроэнергетика жаатындагы кызматташтыкта пайдалуу жолдорду табуу, сырткы инвесторлорду тартуу жана Жогорку Нарын каскадындагы кырдаал Орусия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгында өнүгүүгө түрткү берүүчү нерсе болуп берет.

Абылгазиев Кыргыз Республикасы гидроэнергетика жаатында пайдалуу кызматташтыкка кызыкдар экендигин, жаңы кубаттуулукту ишке киргизип жана тармактын экспорттук дараметин арттырууну каалашын баса белгиледи.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх