Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда дыйкандарды химиялык жер семирткич колдонгону үчүн жазалабайт

Атка минерлер биздин кайсы айыл чарба өнүмдөрүбүз жакшы экспорт болоорун айтып берди

Кыргызстандын дыйкандарын химиялык жер семирткич колдонгону үчүн жазалашпайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын мелиорация, өнөр жай жана айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

- Республика боюнча 7785 жерди айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн колдонушат, - деп маалымдады ал. - Химиялык жер семирткичтер боюнча бизде анализ жок, бирок дыйкандар менен сүйлөшүп жатабыз.

Бүгүн парламенттин жыйынында экинчи окууда «Кыргыз Республикасынын органикалык айыл чарба өндүрүшү тууралуу» мыйзам долбоору каралат.

Өз кезегинде вице-спикер Мирлан Бакиров бул долбоордун иштеп кетишинен күмөн санайт.

- Мыйзамдолбоор жакшы. Албетте, колдоо керек, бирок мен мунун иштеп кетишине ишенбейм, - дейт ал. - Сиздерде лаборатория жок, даярдыгыңар да жок.

Мыйзамдын долбоорун талкуулоо учурунда 2018-жылы кыргызстандык дыйкандардын 300 тонна биопахта экспорт кылгандыгы белгилүү болду.

- Бизде эмне биопахтадан башка эчтеке жокпу? - деп ачууланды депутат Зиядин Жамалдинов. - Органикалу айыл чарба өнүмдөрүнө дагы башка да нерселер киреби?

Айыл чарба Министрлигинин өкүлү Кыргызстандан дары чөптөрдү алып кетишээрин айтты.

- Баткендин өрүгү, кара өрүк жана дары чөптөр жакшы экспорттолуп жатат, - деп маалымдады атка минер.

 

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх