Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

««Русгидрого» 37 миллион төлөөгө макул болуу - бул Орусиядан миллиарддаган инвестиция тартуу дегендикпи?»

Бирок Кыргыз Республикасынын УИА академиги Камбарата ГЭС-2 бизге азыр керек болуп жатабы деген суроону коёт

Кыргыз өкмөтү орусиялык ПАО «Русгидрого» 37 миллионду төлөп берүү милдетин мойнуна алуу керек. Бул талаштын чечилиши өлкөнүн энергетика тармагына андан чоң инвестиция тартканга өбөлгө болот деп эсептейт отун-энергетика комплекси боюнча эксперт Расул Үмбөталиев.

- 37 миллион доллар деген анча деле көп сумма эмес. Ал эми энергетикалык обьектти курууга андан алда канча көп акча сарпталат, - деп түшүндүрөт ал с Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Сотко чейинки чечимди таап, «Русгидро» менен консенсуска келүү миллиарддаган инвестициялардын келишине жол ачат. Анткени жакында Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келгени турат.

Экспер бул компания акционердик коом экендигин, мамлекеттик ишкана эмес экендигин, ошондуктан убакыт өтсө карыз кечилет деген ойдон алыс болушубузду эскертет.

- Биро ким билет акырында эмне деп чечилээрин, анткени, Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбеков да энергетика тууралуу сүйлөшүшөт, - дейт ал.

- Ал эми Жогорку Нарын каскады эң чоң ролго ээ.

Кыргыз Республикасынын улуттук Академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын УИА гидроэнергетика жана суу маселелери боюнча Институттун директору Дүйшөн Маматканов премьер-министр менен «Русгидронун» башчысынын жыйынтыгы эмне болуп аяктаарын билбейт, бирок Камбар-Ата -2 курулушуна шашуунун кажети жок деп эсептей.

- Мен жыйырма беш жылдан бери какшап атып тилим тешилди, биздин шартта ал пайдасыз болот. Анча электр энергиясын колдонуучулар бизде жок. Ал өзүн өзү өтө көп убакытта актайт, - деп түшүндүрдү ал с Vesti.kg сайтына.

Ошондуктан өлкөнүн суу ресурстарын сатууну Маматканов өлкөгө кылган саткынчылык деп эсептейт. Эксперт Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгы үчүн коңшуларына сууну сатпастан электр энергиясын сатуу керек, болгондо да кышкы баа менен сатуу керек, деп эсептейт.

- Кытай бизге Сары-Жаз дарыясына ГЭС курууну сунуштап жатат, 3 миллиард доллар жана жумушчуларды берүүгө макул, - дейт ал. - Мейли курсун, бирок бизден ал электроэнергияны ким сатып алат? Кабар-Атаны деле бүтүрө беришсин эгерде электр энергияга кардар болсо.

Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу эмнеге токтоп калды? Анткени Орусия электроэнергияны алуучуларга кепилдик бергиле деп сурады. Бирок биз ага кепилдик бере албайбыз, ошондуктан алар кетип калышты...

Эске салсак, мурда с Vesti.kg сайты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Русгидро» акционердик коомунун төрагасы Николай Шульгин менен жоолугуп жаткандыгын жазган эле.

Тараптар гидроэнергетика жаатында кызматташтыктын пайдалуу жолун табуу, сырттан инвестиция таап, Жогорку Нарын ГЭС каскадынан эки тарап тең пайда көрүү Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы стартегиялык кызматташтыкты жана динамикалык өнүгүүнү чыңдайт деп белгилешти.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх