Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты монополияга каршы мекемеден күйүүчү, майлоочу майга болгон бааны төмөндөтүүнү суранды

Депутат Эмил Токтошев бүгүнкү Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында бензинге болгон баа саясатынын түзүлүшүнө нааразычылыгын билдирди

- Мен жыйырма күн мурда Кыргызстанда бензиндин чекене баасы дүң баага салыштырмалуу өтө эле жогору болуп кеткендигин айткам, - деп эскерди депутат. - Азыр Бишкекте АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы базада 18,8 сом турат, ал эми аны чекене баада 40,9 сомдон сатып жатышат. Дизелдик күйүүчү майга да чекене баасына 20 пайыздан ашык коюп алышкан. Эмне үчүн монополияга каршы мекеме үн катпайт? Ошто да ушундай кырдаал.

Токтошев кызыл кулактарга карата чара көрбөсө болбой калгандыгын айтты.

- Жакында жазгы талаа жумуштары башталат, дыйкандардын бардык иши күйүүчү майдан көз каранды, - деп белгиледи эл өкүлү. - Ишкерлерге сатууга жардам бере албагандан кийин, жок дегенде күйүүчү май жагынан жардам кылалы да.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх