Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда монополияга каршы кызмат күйүүчү майга болгон бааны текшерет: өтө эле кымбат эмеспи?

Кыргызстан күйүүчү майды 90 пайыз импорттоп алат

Автоунаалардын күйүүчү майы көптөгөн факторлордун аркасында бычылат, аны турган жерден эле арзандата салуу мүмкүн эмес. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына макроэкономика боюнча эксперт Турсункул уулу Сатар бөлүштү.

Эмил Токтошевдин монополияга каршы жөнгө салуучу Мамлекеттик агенттигине кылган сунушу тууралуу кеп кыла турган болсок, Кыргызстанга күйүүчү май келишимдин негизинде Орусиядан келет.

- Күйүүчү майдын рыногун 90 пайыз орусиялык өнүмдөр түзөт: «Газпром», «Роснефть», - деп түшүндүрдү ал. - Бул компаниялардын Кыргызстанда чекене баада сатуучу тармактары бар. Бирок анткени менен бензин бизде Москвадагыга караганда арзан. Орусия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары бири биринен айырмалангандыгын да эске алуубуз шарт. Бизде акциздик салык бар, аны өкмөт тсалат - бул да баанын бычылышына өз салымын кошот. Андан да ташуунун чыгымдарын да эске алышыбыз керек. Ошонун негизинде бизге караганда Казакстанда бензин арзан болушу мүмкүн. Мыйзамдары да башкача ал жак менен биздики. Кыскасы, биз бензиндин казак рыногуна чыгуу мекнен гана бензин изде арзандашы мүмкүн деп болжолдойт Турсункул уулу.

- Ошентип, бул жерде көп факторлор топтолгон, жон эле арзандатып салууга болбойт экен, - дейт эксперт. - Анын үстүно биздин өлкө 90 пайыз импорттон көз каранды. Бирок, бир жагынан алып караганда жазгы талаа жумуштары күйүүчү майга көз каранды бизде. Деги эле бардык нерсе күйүүчү майга байланган.

Кыскасы Турсункул уулу биздин өлкөгө 70 пайыздан өйдө рынокко бензин ташыган кайсы бир компания болсо, монополияга каршы кызмат ошол компаниядан баа тууралуу маалыматты алганга укугу бар экендигин белгилейт. Эгерде ишкерлердин эсеби атка минерлерди канааттандырбаса, анда бааны төмөндөтүү талабын коё алышат.

Кызмат көрсөтүү, ишканалардын соодасы жана базарлар Бирикмесинин президенти, экономика боюнча эксперт Сергей Пономарев монополигя каршы көзөмөл кылуу Мамлекеттик агенттиги күйүүчү жана майлоочу майды ташуучулар үстүнө көп кошуп алышкандыгын текшерүүгө толук укугу бар экендигине макул экендигин билгизет.

Андан да «Газпром» биздин рынокто монополист болуп эсептелет, деп белгиледи ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде.

- Монополияга каршы агенттиги бул жаатта текшерүү кылууга биринчи вице-премьер-министра Кубатбек Бороновдон биринчи көрсөтмө алышты, - деп баса белгиледи экономист. - Жыйынтыгын күтө туралы.

Эске салалы, мурда Vesti.kg сайты депутат Эмил Токтошевдин бензинге болгон баа саясатына болгон нааразычылыгын жазган эле.

- Жыйырма күн мурун мен Кыргызстандагы күйүүчү майдын дүң баасына салыштырмалуу чекене баасы өтө эле жогору болуп кеткендигин айттым эле, - деди ал. - Азыр Бишкекте АИ-92 маркасындагы бензин базада 18,8 сом турат, анын чекене баасы 40,9 сом. Дизелдик күйүүчү майга 20 пайыздан ашык кошуп сатышат. Эмне үчүн монополияга каршы кызмат үн катпайт? Ошто да кырдаал ушундай.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх