Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мунайзат ташуучулардын Бирикмесиндегилер күйүүчү майды мыйзамсыз көтөрүү боюнча айыптоолорго жооп кылды

«Дизелдик күйүүчү май куюучу станцияларда чыгым менен же болбосо таптакыр эле пайдасы жок сатылып жатат»

Кыргызстандын күйүүчү жана майлоочу май рыногунда коркунучтуу кырдаал пайда болду, мыйзамдуу иштеп жаткан мунайзат ташуучулар салыктын бардык жүгүн моюндарына алышып, ал эми рыноктун мыйзамсыз ар кандай механизмдерди колдонуп салыктан качышат. Жаза алмак турсун, абдан туйтунуп жыргап жатышат.

Мунайзат ташуучулар Бирикмеси мунай өнүмдөрүн базадан сатып алып чекене баа менен сатуудагы айырмадан түшкөн пайда тууралуу маалыматка жооп кайтарышты.

«Бирикменин мүчөлөрүнүн бюджетке төлөм кылууда биринчи орунду ээлеп жаткандыгын эске алганда жана жалпы эле өлкөдө бирден бир ири салык төлөөчү болуп саналышат, мунайзат ташуучулардын Бирикмеси бул маселеге расмий түшүндүрмө менен кайрылуу жасоону зарыл деп эсептейт», - деп айтылат билдирүүдө.
Бирикмедегилер өтө ири импортчулардын кампаларында эки-үч айга жетээрлик күйүүчү, майлоочу майдын кору сакталаарын белгилешти. Бул мунайзат өнүмдөрүнүн түзүмдөрү сатып алуу баасы боюнча бир кылка эмес, анткени күйүүчү майда сатып алуу убактысы жана алардын баасы ар кандай болот.

«Бул сакталган кордун эсебинен, сатып алынган баа өтө кескин өзгөрүлгөн кезде да чекене баанын кымбаттап кетишинин алдын алышат. Дүң баанын арзандашында да ушундай эле система менен куюучу станциялар иштей берет», - деп ынандырышат алар.

Күйүүчү, майлоочу майлардын май куюучу станциялардагы сатып алуу баасынын түзүмү мындайча болот:

«Дизелдик күйүүү майдын сатып алуучу баасы АИ-92 маркасындагы бензиндикине караганда жогору турат, - деп улантат бирикмедегилер. - Ушуга байланыштуу май куюучу станцияларда дизелдик күйүүчү майды сатуу пайдасыз же чыгым алып келип жатат».

Баанын бычылышына Казакстандан мыйзамсыз алынып келинген мунайзат өнүмдөрү да таасирин тийгибей койбойт деп эске салышат Кыргызстандын мунайзат ташуучулар Бирикмесиндегилер.
Анткени мындай күйүүчү майдын өздүк наркынын чыгымдары көп болот, анын ичинде акцизи жана салыгы да бар. Аткезчилер арзан баанын түзүлүшүндө 20 пайызга чейин утушу мүмкүн.

Эксперттердин баа бериши боюнча, жылына мыйзамсыз күйүүчү май ташыгандар 250-300 тонна алып келе алышат, бул Кыргыз Республикасынын мунайзат рыногунун жалпы көлөмүнүн 20 пайызын түзөт, - деп көрсөтүшөт андагылар.

Ошондой эле мунайзат өнүмдөрүнүн Казакстандан импорттоодо ар кандай химиялык заттардын да орду бар ( аралаштырмалар, газоконденсат, көмүртек, кошулмалар жана башкалар). Бул мунайзат өнүмдөрү товардык бензиндин курамына кирет, бирок өлкөгө мыйзамсыз карамай ташуучулар аркылуу ТНВЭД коду астында импорттолот. Аларга акциздик жана башка салыктар салынбайт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мунайзат ташуучулар Бирикмеси Казакстандан Кыргызстанга мунай жана мунайзат өнүмдөрүн ташууну төлөмсүз ташуу келишимине кол коюшууну тездетүүгө чакырат.

«2018-жылдын экинчи жарымынан бери Казакстанда бензиндин керектөөгө карганда ашыкча өндүрүү байкалган, - деп түшүндурдү ибиримедегилер. - Бул казакстандын мунайзатты кайра иштетүү заводу модернизацияланып бүтүп калышына жана мунай өнүмдөрүнүн көлөмү байкалаарлык көбөйгөндүгүнө байланыштуу. Муназат ташуучулар Казакстандан күйүүчү май ташуу кызыкчылыгын колдошот, анткени менен ортодо төлөмсүз ташып келүү келишиминин жоктугу буга жолто болот».

Бирок андагылар ар кандай алдын ала божомолдоолорго карабастан, кол коюшкандан кийин деле биздин өлкөдө бензиндин баасы арзандабайт деп алдын ала эскертишет.

«Кол коюшкандан кийин эле Казакстандагы бензиндин баасы менен Кыргызстандын баасы бирдей болуп калышын күтүүгө болбойт, - деп эскертишет алар. - Казакстандагы арзан баа ички гана факторлорго шартталган, анын импортко тьийешеси жок».

Кыргыз Республикасынын мунайзат ташуучулар Бирикмеси андай факторлорго мына буларды көрсөтүшөт:

- бул тармакка салынган салыктын төмөн деңгээли: Казакстандына бензинге салынган акцизи 5 эсе арзан, дизелге салынган акцизи 3 эсе арзан Кыргызстандагыга карганда;

- өздөрүнүн сырьелук базасы бар жана өздүк карамайды кайра иштетүү заводу бар Казакстанда ( Мамлекеттик «КазмунайГаз»);

- Казак өкмөтүнүн күйүүчү майды көзөмөлдөөгө ыйгарым укугу бар;

- республиканын аймагына карамайды кайра иштетүүчү заводдорго жеткирүу арзан тариф менен чыгымы аз болуп жеткирилет;

- теңгенин чет элдик валюталарга карата, анын ичинде сомго карата куну учуп кеткендиги.

 

Кыргыз Республикасынын мунайзат ташуучулар Бирикмеси

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх