«Кыргызкөмүр» өз жетишкендиктерин айтып берди, бирок аларга ишенишпейт
Мурдагы директор болгону бир нече ай мурун кыйроо алдында тургандыгын эске салды: кайдагы өсүү?
Дээрлик 90 пайыз талкаланган «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы максатка ылайыктуу иш алып барууда алдыга чыкты. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.
«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы бир гана 16,5 миллион сом карызын жойбостон, 17,2 миллион сом киреше менен 2017-жылы жакшы көрсөткүчкө ээ болду, - деп билдирет андагылар. - Негизги каражаттар 8,5 эсеге өстү, ал 85,42 миллион сомду түздү. Социалдык жана салык төлөмдорү жылына 100 миң сомго көбөйдү. Көмүр казуу 2013-жылы 63 миң тоннага, ал эми 2018-жылы 500 миң тоннага көбөйдү. Мисалы, эгерде 2-14-жылы Бишкек ЖЭБ 20 миң тоннадай көмүр берсек, 2018-жылы 110 тонна бердик.
Маалымат кызматынын айткандары боюнча, ишкана биринчи жолу 50 миллион сомго тоо транспорт техникасын сатып алды, салмактык көлөдмүк жабдуу сатып алды, анан фото жана видеого алчу кызматы бар. Ошондой эле жол кесилиштерине айлампа коюуну уюштурду жана тийешелүү жэол белгилерин койду. Кесилиштин баарына жарык койду.
20 санариптик камера орнотту, алар дайыма онлайн режимде иштешет. Кара-Кечеде эмне болуп аткандыгынын баарын тартып турат.
«Жумушчулардын орточо айлык акысын 12 миңден 27 миңге көтөрдүк, - деп болүшөт Кыргызкөмүр. Жумушчулар жайкы жана кышкы униформа алышты. Атайын бут кийимге жана атайын когонуучу каражаттарга ээ болушту. Заманбап кенчилердин шаарчасы курулду, шарттары өтө ыңгайлуу жакшы. ремонт кылчу устакана ачылды. Өлкөдө эки гана ишкана саламаттык сактоо Министрлигинен тамактануунун рационун бекиттирди, анан бири «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы».
Ошондой эле жумушчуларга эс алуу үйлөрүнө дарылануучу жайларга кесиптик бирикме жааты боюнча жолдомо берилет. Алар чет өлкөлөргө барышат, ал эми алардын балдары болсо балдар лагерне барып эс алышат.
Кулакка жагымдуу угулат экен, бирок иш жүзүндө ошондойбу «Кыргызкөмүрдүн» абалы? Бул ишкананын мурдагы директору Расул Үмбөталиев буга такыр ишене албайт.
- 2018-жылы жетинин айында кесиптештердин энергетика министри, тоо кен өндүрүшчүлөр, эксперттер, окумуштуулар катышкан жыйыны болду, - деп ал Vesti.kg сайтына. - Биз мамлекеттик ишкананын көрсөткүчтөрүн изилдеп чыгып, ал планга жакындаган да эмес экендигин билдик. Каяктан жүрүп буларда мындай сонун маалыматтар бар?
Эксперт 2018-жылы Кара-Кечедеги көмүр казуунун планы 450 миң тонна болгондугун көрсөтөт, бирок 8 ай ичинде араң гана 59,5 миң тонна казышкан. Буга таңкалуунун кереги жок дейт Үмбөталиев: анткени 3,5 миллион тонна план болгондо 826 миң тонна гана казылган. Каза турган көмүр жок, дейт ал.
- Ал убакта жолдун жоктугун, электржабдуу менен камсыз эместигин, техникалык коопсуздуктун бузулгандыгы тууралуу айтышкан болчу дейт мурдагы директор. - Ал эми сатылып алынган «заманбап жабдуулар» - курулуштуку болчу, тоо кен өндүрүшүнө жарабайт болчу. Ал Кара-Кечеге туура келбейт. Жумушчулардын шаарчасындагы эң эле «Комфорт» спартандыктардын шартындагы коттедждер, деңиз контейнерлери болчу дейт.
Ал эми жаңы көлөмсалмактык жабдуу бир айдан кийин бузулуп калды дейт эксперт. Ошонун айынан айдоочулар суукта калышты, расмий түрдө бул кармалууну «накладная көйгөйү» деп атап коюшту.
- «Кыргызкөмүр» берген маалыматты ошол ишкананын жумушчулары деле жалган экендигин тастыктап беришет, - дейт Үмбөталиев. - Эгерде кен байлыктарды иштетүү, энергетика жана өнөр жай Мамлекеттик комитети текшерүү кыла турган болсо, көп нерсе ачыкка чыкмак.
Ольга Федорчук
Сүрөт www